Футболдук базар 1-июндан тарта ачылганы маалым. Чү дегенде эле сезондогу алгачкы трансферди мадриддик “Реал” ишке ашырып, германиялык “Борруссиянын” (“Дордмунд”) түркиялык жарым коргоочусу Нури Шахинди курамына кошту. Ал эми лондондук “Челсинин” президенти Роман Абрамович командасына португалиялык “Портунун” башкы машыктыруучусу Андре-Виллаш Боашты (сүрөттө) ылайык көрдү.