Катары менен 2 ирет тарткан жеңилүү ызасы тынч уктатпады белем, Фёдор Емельяненко 30-июлда Чикагодо кезектеги беттешин өткөрдү. Бул саам америкалык “карт бөрү” – 40 жашар Дэни Хендерсонго каршы. Таймаш, болгону, 1 раундга созулуп, Фёдор сенсациялуу түрдө техникалык нокаут менен жеңилди. Серепчилер “Фёдордун доору бүттү. Экинчи рингге аяк баспайт” дешсе, спортчунун менеджери Вадим Финкельштейн: “Спортто мындай көрүнүштөр боло берет. Чоң спорттон кетүү Фёдордун жакынкы пландарында жок”, - деди. Эске салсак, дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Федя эрежесиз эр мушташка 37 жолу чыгып, 32синде жеңген.