28-июлда “Спартак” стадионунда 2014-жылкы мундиалдын Азиядагы 2-тандап алуу оюндарынын жооптук оюнунда улуттук курама командабыз Өзбекстанды кабыл алды. Беттеш 15 миңдей күйөрмандын сүрөөнүндө өттү. Бирок, алгачкы мүнөттөн тарта матап кирген коноктор 3:0 эсебинде эч кыйынчылыксыз жеңишке жетишти. Голдор Виктор Карпенко жана Баходир Насимовдун (2 гол) эсебине жазылды. Кызыгы, атаандаштардын беттеш болордон 2 саат гана мурун учуп келип, утуп, анан кайра аэропортту көздөй жөнөгөнү болду (биздикилер беттешке 2 күн калганда барышкан). Бразилиядагы мундиалдан үмүтүбүз үзүлдү. Эми 2018-жылы Орусияда өтө турган мундиалдын тандап алуу турун күтүүгө аргасызбыз.