ПАРАЛИМПИАДА ЖЕ МАЙЫПТАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ

Майыптар спорту адамдардын психологиялык теңсиздигин жоюуга багытталган. Паралимпиада оюндары үчүн атайын спорт түрлөрү тандалып, чемпиондор да чыгып келет. Эмесе, майыптар спортунан маалымат.

ПАРАЛИМПИАДА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Аталышы англичандардын «parapledgia» деген сөзүнөн келип чыккан. Бизче «кол-буттун шалдыгы» дегенди билдирет. Бул мелдешке алгач омуртка оорусунан жабыркагандар катыша баштаса, кийин башка оорулардын айынан да майыптыкка чалдыккандар катышууга өткөн. Паралимпиаданы «Олимпиада менен катар» деп түшүнүүгө да болот.

ПАРАЛИМПИАДА – ДАРЫГЕРДИН АЧЫЛЫШЫ
Майыптардын спорт чөйрөсүнө баш багуусуна англиялык нейрохирург Людвиг Гуттмандын ролу чоң. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун тушунда Сток-Мандевиль госпиталында жүлүнү жабыркап майыптыкка чалдыккан согуш ардагерлерин топтойт. Майыптарга дарылык терапия жүргүзүү кезинде жаа тарттырып, бастырып, айтор, спорт чөйрөсүнө жетелейт. Ошентип, ал жарым жан ардагерлерге спорт тармагына жол ачык экенин сездирген соң мелдеш өткөрүүгө бел байлайт. Алгачкы спорттук мелдеш 1948-жылга туш келип, госпиталдын атынан «Сток-Мандевиль» деп аталып, кары-картаңдар, согуш ардагерлери жана майыптар катышат. Ошондон тарта мелдеш жыл сайын өтө баштайт.

ОЛИМПИАДА СПОРТУ КАТАРЫ
1960-жылы «Сток-Мандевиль» мелдешинин 9-жолкусу Римдеги Олимпиада оюндарына удаа өтөт. Иш жүзүндө бул алгачкы Паралимпиадалык оюн болуп калат да, ага 23 өлкөдөн 400 майып спортчу катышат. 4 жылдан соң майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, 16 өлкө мүчө болот. 1964-жылы Токио Паралимпиадалык оюндарында расмий түрдө туу көтөрүлүп, гимн ойнолот. Мелдештин расмий эмблемасы да ушул жылы жарык көрөт. 1976-жылдан бери кышкы жана жайкы оюндары өтүп келет. Кезектеги Паралимпиадалык оюндар «Лондон-2012» Олимпиадасына улай Лондондо өтөт.

ТАРЫХКА ТАМГА БАСКАНДАР
Бул мелдеш тарыхында эрки күчтүү спортчулар жолугат. Мисалы, «Токио-1964» Паралимпиадалык оюндарда бир канча эрдиктер жаралат. Италиялык Роберто Марсон Токиодо (1964-жылы) жеңил атлетика боюнча 2 алтын медаль алган. Ал ошол эле учурда сууда сүзүү жана фехтование менен да машыкчу. 4 жылдан соң Израилде ал спорттун аталган 3 түрү боюнча 9 медаль багындырган.
«Торонто-1976». Бул мелдештин баатыры, канадалык 18 жашар Арни Больд болгон. 3 жашында 1 бутунан айрылган Больд бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекорд койгон (186 сантиметр). 1980-жылы бул рекордун 196 сантиметрге жеткирген.
«Сидней-2000». Австралиялык сууда сүзүүчү Сиобхан Пейтон — акыл-эсинин өсүшү жагынан өзү теңдүүлөрдөн артта калган спортчу. Дүйнөлүк рекорддорду жаратып, 6 ирет алтын медаль тагынган.
«Афины-2004». Америкалык Триша Зорн (көзү сокур) 40 жашында өзүнүн 55-медалын утуп алган. Ал 6 ирет Паралимпиадалык оюндарга катышып, 9 ирет дүйнөлүк рекорд орноткон.
«Бээжин-2008». Оскар Писториус (ЮАР) протездүү жөө күлүк Бээжиндеги Паралимпиадалык оюндарда чемпион аталган. Бул анын 3-жолку чемпион болгону эле. 11 айында тубаса дарт менен 2 бутунан тең айрылган спортчу: «Эми 1 гана кыялым калды. Ал «Лондон-2012» Олимпиадасына (соолор арасында) катышуу»,- дейт.

P.S. Мекендешибиз Эсен Калиев «Лондон-2012» Олимпиадасынан соң өтө турган Паралимпиадалык оюндарга (пауэрлифтинг боюнча) жолдомо алды. Эсен Калиев бул мүмкүнчүлүккө Францияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 9-орунду алган соң ээ болгон.

СПОРТ ТҮРЛӨРҮ
Паралимпиадалык оюндардын программасына 20дан ашуун спорт түрү кирген.

Жайкы спорт түрлөрү:
Оор атлетика (пауэрлифтинг)
Жеңил атлетика
Жаа атуу
Сууда сүзүү
Көрүүсү начарлар үчүн дзюдо
Веложарыш
Теннис (коляскада)
Фехтование (коляскада)
Футбол, 7 кишиден
Баскетбол (коляскада)
Мылтык атуу
Отуруп ойнолуучу волейбол
Регби (коляскада)
Бий (коляскада)
Голбол
Стол тенниси
Парус спорту жана башка

Кышкы түрлөрү:
Лыжа жарыш жана биатлон
Тоо лыжасы
Кёрлинг (коляскада) жана башка

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jaina
2011-08-08 13:00:12
Адам деген баарына чыдамкай болот тура. Бул спорт түрү менен машыккандарга азамат гана дейм! Буларды көрүп алты саны аман болуп өзүн эптей албай ичип кеткендерге зээниң кейийт.
+1
19zamir87
2011-08-08 13:07:37
Людвиг Гуттманга рахмат.Колу-буту шал майыптардын сообуна калды.
Эсен Калиевке Лондон-2012 Паралимпиадасында ийгилике жетишин каалайм!
+1
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан