Адахан мырза саясий бомонддун катардагы өкүлдөрүнөн эмес. Көбүнесе тили курч жана заар деп мүнөздөлгөн ал “баарынан тажаганда кыялым айылга алып-учат” дейт. Баарлашуу бирде ачуулуу жооптор, бирде таттуу күндөрдү эскерүү менен коштолду.
– Сиз менен кенен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө тегиңиз тууралуу сурагым келчү. Менимче, Адахан, Кимсанбай жана Мадумар деген ысымдарды кыргыздар көп коё бербейт...
– “Кыргызда мындай ысым жок” дегендер толтура. Мисалы, Адилет деген ат арабдардан келген. Мирбек, Эрнест, Космосбек, Колхозбек, санап отурса көп. Адахан деп чоң атам атаган. Атына эмес, адамдын затына асылыш керек.
– Урууңузду айтпадыңыз. Же жар салууну туура көрбөйсүзбү?
– Биз барган сайын майдаланып баратабыз. Жети атасын билүү бул – бөлүнүү үчүн эмес, текти сактасын дегенден чыккан айла-амал. Кан аралашып, жакындар үйлөнүп албасын дешкен. Мен “кыргыз кылып жаратып койгону үчүн ыраазымын” деген сөзүмдөн кайтпайм.
– Саясатчы болуп чыгышыңызга ата-энеңиздин кошкон салымы барбы?
– Жогоруда уруумду айтпадым. Мен бостон уруусунан болом. Атамды быйылкы жылдын 16-мартында акыркы сапарга узаттык. Аны менен устатым, досум, кеңешчим жана сырдашымдан айрылдым. Атам өтө принципиалдуу киши эле. Бир эле мектепте 30 жылдан ашуун мугалим болуп иштеди. Апам Саламат айылдагы жатак мектепте тарбиячы болуп, анын полун да жууду, тамагын да бышырды. Кудай өмүрүн берсин, азыр небере-чөбөрөлөрү менен чогуу. Мендеги бардык жакшы сапаттар ата-энемден, мугалим жана айылдын аксакалдарынан өткөн. Жаман жактарым бар болсо, анын баары өзүмдүкү.
– Бир туугандарыңыз эмне менен алек?
– Сегиз бир туугандын экинчисимин. Агам азыр курулуш тармагында иштейт. Кезинде фамилиясы үчүн иш кыскартууларга туш болуп, Бишкек-Оштун ортосунда жүргүнчү ташуу менен оокатын кылып жүрдү. Иним болсо ИИМде иштейт. Жакында пенсияга чыгарына карабастан, ага лейтенанттыктан ары көтөрүлө албады. Ага да менин ишмердигим тоскоол болуп келет. Беш карындашымдын баары өз тиричилиги менен алек. Орусияда иштеп, кайтканы келди, кайтпаганы ошол жакта. Бир туугандарымбы, күйөө балдарым болобу, эч кимиси көпчүлүктөн суурулуп чыкпады.
– Балдарыңызчы, алардын саясатка аралашуу ою барбы?
– Улуу балам Нурмухаммед 20да. Өзүнүн кызыгуусу менен эл аралык мамилелер тармагында окуйт. Ортончусу Динмухаммед 15 жашта. Эң кенжетай Алихан бир жаш тогуз айлык. Үйдүн эркеси да, жарыгы да ошол жигит. Келинчегим экономисттик билим алганына карабастан, эч бир жерде иштебеди. Үч уулду тарбиялап, адам көтөргүс жүктүн баары анын моюнунда. Жубайымдын эң негизги кесиби – сүйүктүү жар жана мээримдүү эне.
– Бир маегиңизде англиялык жазуучу Редьярд Киплингдин осуятындагы кыялдар жөнүндө саптарга басым кылыпсыз. Мындан улам кыялкеч көрүнөт деген ой келди. Кайсы кыялдарыңыз орундалган?
– Ооба, кыялкечмин. Бирок кептин баары кыялдардын канчалык деңгээлде реалдуулук менен шайкеш келгендигинде жатат. Кичинемде хирург болгум келчү. Кийин 4-5-класстарда жылдын аягында актай барагы калган дептердин баарына “Мадумаров А.К. – Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин биринчи катчысы” деп жазчумун. Студенттик куракта болсо досторго “буюрса, Кыргызстандын келечеги биздин колубузда” деп айтар элем. Азыр ошол эле тааныштарым таң калып, “сен ким болоруңду алдын ала эле билчүсүң” деп калышат.
– Бала чагыңыз айылда өткөн эмеспи, ал таттуу күндөр кандай элестер менен эсте калган?
– Кышында үйдө от жагылбай калганда төшөктөр аябай муздак болот. Анан агам экөөбүз от жаккыбыз келбей, “советтик аскер эч нерседен коркпошу керек” деп муздак төшөккө кирип кетчүбүз. Балдар актар жана кызылдар деп ойноп, сыр сөз айтууга келгенде ыйлап айтпай койгон баёо сезимдер. Жеңилген тарап эртеси кой кайтарчу. Талаада топурак кечип жүрүп таман кесилген күндөр. Кечинде отко койдун майын эритип жарылган жерге койсоң, андан бетер ачышат. Короздорду, иттерди уруштуруп, кочкор сүзүштүрчүбүз. Биз турмушка бышып өстүк.
– Айылды көп сагынат чыгарсыз?
– Чөп чаап жүргөндө кара булут көрүп калсак кубанар элек, “азыр жамгыр кичине дыбыраса эс алабыз” деп. Анан ошол жаандан кийин топурактан кандай жыт чыгат, билесизби? Бир дагы француз компаниясы андай ажайып жыттуу атыр жасай албайт. Же адырдан уй, кой, жылкылардын чаңды көтөрө түшүп келе жаткандагы жытчы? Мына, керемет ошол!
Мен айылга барганда астейдил короону аралап басам. Ошол жыттарга куса болом. Кыялдар деп жатпайсызбы, мен баарынан тажап бүткөндө кыялымда ошол күндөргө, балалык дүйнөмө кетем.
– Сизди агрессивдүү деп мүнөздөшөт. Ачуулуулугуңузду жагымсыз жагдайлардан коргонуу ыкмасы деп түшүнсө болобу?
– Анда жалжаңдап күлсөм жакшыбы? Эгерде бирөөгө жылмайып сүйлөсөң, “аа, менден коркуп жатат” дейт. Менин колумдан деле күлүп коюу келет, бирок бул кайдигерлик. Киши кишиге күйүнсө гана ачуу айтат. Эмне үчүн жакшы көргөн балаңды көбүрөөк урушасың? Аны үйрөнүп алсын дейсиң. Негизи, жан дүйнөмө чоочун кишини киргизгенди жаман көрөм. Бул менин ааламым.
– Биз жана бир нече булак жүргүзгөн “Президенттик шайлоодо кимге добуш берет элеңиз?” деген сурамжылоолордун жыйынтыгында алдыңкы сапка чыктыңыз. Муну уккан-билгендердин кээ бири кубанса, бир жааты “болушу мүмкүн эмес” деп кызаңдашты. Сиз кандай кабыл алдыңыз?
– Көрө албастык өтө күчтүү. Ичибизди ит тырмап турат. “Кечээ эле арабызда жүрбөдү беле, бүгүн ошондой болуп калыптырбы?” деген былык сезимдер. Мени жакшы көрүшөт деп ойлойт чыгарсыз. Жок, мени деле жактырышпайт. Айрыкча биз суурулуп чыккандарды жаман көрөбүз. Курч мезгилиңде дүйнөнү жалгыз сен оңдоп жиберчүдөй боло бересиң. Бирок азыр менин ичимден сөз сууруп алуу кыйын. Барган сайын баарына тегиз мамиле кыла баштадым.
– Таасирдүү талапкерге айланып жатканыңызды эске алсак, шайлоо алдында талапкерлердин бири менен тандем болууга соодалашасызбы?
– Жок, антпейм. Соодалашуу жакшылыкка алпарбайт. Кошулууну каалагандар биздин партияга кошулсун. Шайлоого биздин партиянын туусунун алдында гана барабыз.
– Президент Роза Отунбаева “реваншисттик күчтөр президенттик орунга келүүгө аракет кылып жатат” деди. Өзүңүздү реваншисттердин катарына кошосузбу?
– Отунбаеванын көргөн түштөрүнүн баарын жорубайм. Мен ага маани да бербейм. Накта акаевчи менен бакиевчи өзү. Акаев Отунбаевадан башка эч бир кишини эки жолу министр кылган эмес. Мен аны ошол ичкен кудугуна түкүрүп жаткандай карайм. Ошол эле Бакиев аны Тышкы иштер министри кылган. Жок болуп кеткен жеринен саясий аренага чыгарды. “Роза барбы же жокпу?” деп унутуп калгандар бар эле.
– Бизге президенттик башкаруу керектигин көп айтасыз. Жеңишке жетип калсаңыз, анда башкаруу түрүн өзгөртүүгө жан үрөйсүзбү?
– Бул элдин каалоосу. Соңку жылы Кыргызстанды эки жолу кыдырдым. Алар “башчыбыз жок болуп калды” деп күйүнүшүүдө. Менин өзгөртөйүн дегеним, бул – 1993-жылкы Баш мыйзамга кайтуу. Президент, өкмөт жана парламент да бийликтин даамын жакшы биле элек кези болчу. Баары мамыр-жумур болуп ынтымакта кабыл алышкан. Биз ошого кайтышыбыз керек.
– Сүйлөгөндө чыгармаларга көп кайрыласыз. Тажабай кайра-кайра окуган китебиңиз..
– Китептин бир жакшы жери – билгенин айтып коюп, аны жасашың керек деп артыңдан кууп түшүп албаганы. Сүйүп окуган китептерим – Касымалы Жантөшевдин “Каныбеги”, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” жана “Келкел” романдары. Ар бирин жок дегенде он беш жолудан окусам керек. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын ар окуган сайын өзүңө жаңы бир ачылыш жасайсың. Машинада, үйдө, жумушта сөзсүз бир китеп турат. Күн сайын 20-30 барак окубай калсам, ошол күндү текке кетти деп эсептейм.
Эльвира Караева
koom@super.kg