ГРУЗИЯ – ШАРАБЫ МЕНЕН ДАҢКТАЛГАН ӨЛКӨ

Тоо бооруна үй салып, тээ ылдыйдан топурак ташып чыгып бак тиккен грузиндердин эмгегине баа бересиң. Келгиле, ошол эмгекчил, жери кооз өлкөгө саякатка чыгып келели.

Өлкөнүн жалпы аянты: 69 700 чарчы чакырым.
Калкы: 4 миллион 469 миң 200 киши (2009-жыл).
Башкаруу формасы: Президенттик.
Президенти: Михаил Саакашвили (2004-жылдан бери).
Мыйзам чыгаруу органы: Парламент. Ал 2 палатадан турат: сенат жана Республика Кеңеши. Сенаттын курамына эл шайлаган депутаттар жана президент тарабынан шайланган 5 депутат кирет. Бардыгы болуп Грузия парламентинде 150 депутат бар.
Расмий тили: Грузин.
Дини: Христиан.
Борбор шаары: Тбилиси
Валютасы: Лари (1 лари 25 сом 60 тыйынга барабар).

БАШКЫ БАЙЛЫГЫ – МИНЕРАЛДЫК ДАРЫ СУУЛАРЫ
Грузия – түштүктөн Армения, Түркия, түштүк-чыгышынан Азербайжан, түндүктөн Орусия менен чектешет. Тоолуу өлкө. Чоң Кавказда өлкөдөгү эң бийик чоку – Шхара (5068 м) орун алган. Грузиянын курамына 2 автономиялуу республика: Аджария, Абхазия жана 1 автономиялуу область – Түштүк Осетия кирет.
Грузияда кен байлыктар көп. 27 түрдүү пайдалуу кен байлык өндүрүлөт. Негизгилери: марганец, таш көмүр, жез, нефть (запасы –
30 миллион тонна).
Грузиянын аймагында минералдык суулар 22 жерден чыгат. Дарылык сапатка ээ “Боржоми”, “Саирме”, “Набеглави”, “Зваре” жана башкалар болуп жылына 40 миллиард литр чыгарылып, 24 өлкөгө экспорттолот.
Негизгиси – айыл чарбасы: жүзүм, дан өсүмдүктөрү, кант кызылчасы, күн карама, картошка жана башкалар айдалат. Гидроэлектростанциялар өлкөдөгү электроэнергиянын 80 пайыздан ашыгын өндүрөт.
Атактуу курорттору: "Боржоми", "Гагра", "Пицунда", "Цхалтубо", "Батуми" жана башка.

ШАРАП – ГРУЗИН МАДАНИЯТЫНЫН БИР БӨЛҮГҮ
Шарап жасоо, сатуу Грузиянын экономикасынын бөлүгү жана байлыгы гана болбостон, маданиятынын бир бөлүгү. Грузин үчүн шарап – жөн гана суусундук эмес, улуттук духту, салттык дасторкондун үстүндө конокторду бириктирчү суусундук.
Үйлөнүү тою – грузиндердин салт- санаасы коштолгон майрам. Келин келечектеги үйүнө кирерден мурун күйөөсү тамдын башына чыгып, ак чымчык учурат. Бул бактылуу жашоо үчүн ырым. Мындан кийин жаштарга шарап берилет. Алгач күйөө шараптын жарымын ичет. Анан бокалдын ичине нике шакегин салып, келинчегине сунат. Кыз шарапты ичип, андан шакекти алып чыгат. Шакек сүйүү сөздөрүнүн коштоосунда кыздын колуна тагылат. Мындан кийин келинчек өзү жашай турган үйдү көрүп чыгышы керек. "Бай болушсун жана үйдө балдар көп төрөлсүн" деп үйдүн ар бир бурчуна буудай чачып коюшат. Келин коломтого колун тийгизип, анан май жана дан кармап, очокту 3 жолу айланып чыгышы керек.

КЫДЫРЫП КӨРҮҮЧҮ КООЗ ЖЕРЛЕР
Грузияда 100 чакты музей бар. Алардын 20сы Тбилисиде. Негизги музей болуп Симона Жанашиа атындагы мамлекеттик музей эсептелет. Бул жерде грузин элинин салт-санаасы, маданияты, колдонгон буюмдарынан бери таанышып чыгууга болот. «Мцхета» – тарыхый чиркөөлөр көп кооз жер.
«Сатаплиа» үңкүрү да сөз кылууга арзыйт. Бул жерде динозаврлардын көп изи сакталып калгандыгы жагынан КМШ ичинде 3-орунда турат.
Грузияга 80-жылдары жылына 4-5 миллион турист келип турчу. Өлкө эгемендүүлүктү алгандан кийин бул сан кескин кыскарып кеткен. Анткени өлкөдө саясий туруксуздук орун алып, ич ара чыр-чатактар көбөйгөн. Азыркы учурда өлкөдө тынчтык орноп, ар тараптан туристтер келип жатышат. Саны жылына миллионго жакын.

АТАКТУУ ГРУЗИНДЕР
Атактуулардын арасында ырчылардан Диана Гурцкая, Валерий Меладзе, Сосо Павлиашвили, Ираклий Пирцхалава бар.
Ошондой эле белгилүүлөрдүн катарына айкелчи жана сүрөтчү Зураб Церетели, телеалпаруучулардан Тина Канделаки, белгилүү экстрасенс Жуна Давиташвили, кинорежиссёр жана сценарист Георгий Данелия, ырчы жана киноактёр Вахтанг Кикабидзени кошууга болот.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


КОРРУПЦИЯДАН АРЫЛА АЛДЫ
2003-жылы Грузияда Розалар революциясы менен Эдуард Шеварднадзе бийликтен кетип, ордуна Михаил Саакашвили жетектеген оппозиция башкарууга келген. Саакашвили кыска убакыттын ичинде Грузияда мактоого татырлык реформаларды ишке ашырды.
Грузия Саакашвили бийликке келгенге чейин КМШ өлкөлөрүнүн ичинен коррупцияга белчесинен малынган өлкө болуп турган. Андыктан бул көрүнүштү жоюу үчүн бийлик мурда болуп көрбөгөндөй курч мыйзамдарды кабыл алат. Биринчи кезекте кылмыштуулук тармагынан баштап, ондогон жылдар бою өлкөдө өкүм сүрүп келген “мыйзамдагы ууруларды” жок кылуу операциясы башталган. Укук коргоо органдары аларды “атып салабыз” дегенге чейин барып, чечкиндүү күрөш башташты. Катуу көзөмөлдөн улам канчалаган уурулар жанын сактап калуу үчүн чет мамлекеттерге жер которушту. Учурда Грузияда онго жакын гана “мыйзамдагы ууру” калып, алар түрмөдө отурат. Мындан кийин Грузия дүйнөдө бизнес жасоого эң ыңгайлуу өлкөгө айланып, көптөгөн мамлекеттер каражатын ушул өлкөгө инвестициялоого умтулушууда. Бул экономикалык жактан өнүгүүгө өбөлгө түзөрү баарыбызга маалым.

ЭКОНОМИСТТЕР ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ
Грузиянын тартип коргоо органдарын реформалоо да ыңкылаптан кийин дароо башталган. Азыр өлкөдө МАИ кызматкерлеринин жарандардан пара алышын грузиндер түшүндө гана көрүп калышты.
Ички иштер министрлиги түп тамырынан өзгөртүлүп, 85 миң кызматкердин 75 миңи жумуштан бошотулган. Жол эрежелерин көзөмөлдөөчү кызмат толугу менен жоюлуп, үч ай бою эч ким жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн эмес. Мына ушул аралыктын ичинде жаңы кызматкерлер окутулуп даярдалган. Кызматка алынгандардын көпчүлүгү полиция иши тууралуу кабарсыз болгон. Анткени жаңы түзүлгөн полицияга мурда тартип коргоо кызматында иштегендер жана укук коргоочулар алынбастан, бир гана батыштын билимин алган экономист жана саясат таануучулар алынган. ИИМдин кызматкерлеринин саны 26 миңге чейин кыскартылганына карабай, ишинин сапаты кыйла оңолгон.

БАШКАРУУ БИЙЛИГИ
Михаил Саакашвили президент болуп 2004-жылдын 4-январында шайланган. Бийликке келер менен башкарууда да реформалар жүргүзүлгөн. Мыйзамга киргизилген толуктоолордун натыйжасында президенттин мүмкүнчүлүктөрү кеңейген. Башкаруу бийлиги менен парламенттин ортосунда келишпестик чыккан учурда президент экөөнүн бирөөсүн жоюу укугуна ээ. Мурун кызыл чекеге түшкөн күндөр көпкө созулчу, реформадан соң бир чечимге келүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Министрлердин кызматын 25 жаштан 35 жашка чейинки жаштар ээлейт. Улуу муун гана мындай кызматтарды ээлегенине көнүп калган постсоветтик чөлкөмгө бул жаңычылдык алгач өөн учураган.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?
Ат жалында шамал менен жарышкан кыргыз тукуму сымал эркиндикти сүйгөн грузин калкы, Грузия өлкөсү учурда бүткүл дүйнөнү таң калтырып турган кези. Мисалы, азыр Грузияда айдоочу күбөлүктү же компанияны каттоо үчүн эң көп дегенде жарым саат убакыт кетет экен! Советтер Союзунан баштап эле криминалдын уюгу болуп келген бул өлкө азыркы учурда эң коопсуз мамлекет болуп калды. Грузиндер өз өлкөсүн мындай сонун абалга кантип алып келишти? Эмне үчүн биз Кыргызстанда эки ыңкылапты жасап дагы жашообузду өзгөртө албай келебиз? Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биз туура аракеттерди жасап жатабызбы? Жакында ушул өлкөдө болгон реформаларды кеңири жана таамай чагылдырган китеп жарык көрдү. Китепти автору Лариса Буракова “Эмне үчүн Грузия жасай алды?” деп атаган. Ал китептен кыргызды кыйнап турган көп суроолорго жооп табууга болот. Ошол китеп тууралуу сандан-санга кенен баян курабыз, окубай арманда кылбаңыз, окурман!

Аталган китеп коомдук ишмер, “Кыргыз Концепт” компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиевдин колдоосу менен кыргыз окурмандарына баяндалмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
zzz---zzz
2011-08-09 19:41:43
Алла насип кылса бизда ошондой кундорго жетебиз.
0
monchok
2011-08-10 14:36:38
мен тан эле калдым Жоржияга
0
Umaka
2013-07-31 10:46:06
Мен кошумчалам кетким келет.Былтыркы жылы Грузияда 3 ай туруп келдим ишим жузунон,чындыгында коррупция жок анан элдери аябай элпек,жонокой,культурный калк.Мамлекет онугуу учун биринчи озубуздон башташыбыз керек.Элдери меймандос аябай анан соссуз турдо дасторконго шарап коюлат ансыз эчтеке отпойт.Саакашвилинида аябай жакшы корушот биринчи жолу кордум элдер президенти менен обушуп учурашканды.Кыскасы мага Грузия аябай жаккан дагы барсамбы деп пландап турам.
0
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан