МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТЕРРОРЧУЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШКАН

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен шугулданган топ тууралуу маалымат июнь айында эле түшкөн. Маалыматты тактоодо кызыктуу фактылар чыккан. Бул топто ИИМдин офицерлери жана Ислам Жихад Союзунун мүчөсү бар экен.

АРАСЫНДА МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ ДА БАР
29-июль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында 1982-жылы туулган А.Э. аттуу кыргыз жараны кармалган. Анын жанынан ТТ үлгүсүндөгү 5 тапанча жана 7,62 миллиметрдик калибрдеги 700 даана ок табылган. УКМКнын кылмыш иликтөө тобу тарабынан анын жашаган үйү текшерүүгө алынып, 7,62 миллиметрдик калибрдеги ок салынган 3 цинк жашик жана 5,45 миллиметрдик калибрдеги 2636 даана ок, карабин, ТОЗ-34Р үлгүсүндөгү мылтык табылган. Андан ары иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү кармалып, арасында милиция кызматкерлери да бар экендиги аныкталган. А.Т. аттуу милициянын майору кармалып, анын иш бөлмөсүнөн жана Чүй ОИИБинин чарба бөлүмүндөгү кошумча имараттан АКС-74 У үлгүсүндөгү 1 автомат, ок салынган 3 цинк жашик, 2989 даана 7,62 миллиметрдик калибрдеги ок, 9 миллиметрдик калибрдеги 74 даана ок табылып, алынган. Кармалган А.Т. сурак учурунда кылмышын моюнуна алып, алардын кылмыштуу тобунда М.Н. аттуу милиция кызматкери жана Ф.Ф. аттуу жеке ишкер да бар экендиги тууралуу көрсөтмө берген. Алар Калашников үлгүсүндөгү 1 пулемётту, Калашников үлгүсүндөгү ондон ашуун автоматты жана көптөгөн ок-дарыларды сатып жибергенге үлгүрүшкөн экен.

ТАМДЫН БАШЫНАН СЕКИРИП ТҮШКӨН
Ф.Ф. аттуу жеке ишкердин иштеген жери текшерүүгө алынып, натыйжада 6 даана мерген мылтыгы, винчестер, түрдүү калибрдеги октор, 2 даана бычак, эки рация табылган. Мындан сырткары анын наамына жазылган Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери деген кызматтык күбөлүгү, Мамлекеттик бажы кызматынын баңгизатка каршы күрөшүү оперкызматкери деген кызматтык күбөлүгү, МАИ кызматкеринин таягы, кишендер жана эки рация табылган.
Кылмышка шектүү Ф.Фны кармоо учурунда ал Мицубиси Пажеро үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетүүгө аракет жасаган. Анын артынан кубалаган УКМКнын кызматкерлерине бир канча жолу ок чыгарып, ал жүрүп бараткан автоунаадан секирип түшүп караңгыга жашырынып, жеке үйлөрдүн биринин чатырына чыга качып кутулган. 29-июль күнү саат 4:45те кармоо убагында чатырдан секирип, жерге курсагы менен кулап түшкөн жана УКМКнын имаратына жеткирилген. 5-10 мүнөттөн кийин анын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” чакырылып, бирок ал саат 5:30дар чамасында каза болгон. Азыркы учурда “бул топко тиешелүү” деген шек менен 7 адам суракка алынып, кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта. ИИМдин дагы бир кызматкерине издөө жарыяланган.

ТЕРРОРЧУ ДА БАР
Кылмыш иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун бир мүчөсүнүн 2009-жылдын июнунда өлтүрүлгөн Ислам Жихад Союзу эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги аныкталды. Бул иш-чаранын жүрүшүндө бардыгы болуп 4 кош ооз мылтык, 1 бытыра менен атуучу мылтык, 6 аңчы мылтыгы, 2 Калашников үлгүсүндөгү автомат, 3 Макаров үлгүсүндөгү тапанча, 5 ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана көптөгөн ок-дарылар табылды. Учурда атайын кызмат бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, көп сандагы курал-жарактар кайдан алынганын, кимдерге сатылып кеткенин аныктап жатат.

УКМК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ САБАП ӨЛТҮРДҮБҮ?
Сomment.kg сайтында, 1-августта жазылгандай, каза тапкан Ф.Физиевдин жакындары Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерин “киши өлтүрдү” деп айыптап жатышат. Андагы маалыматка ылайык, бир нече жума мурда 1963-жылы туулган Фирузхан Физиевди Ошто “террорчу” деген айып менен кармашкан.
Жакындарынын айтымында, Физиевдин үйүнөн мылтык табылган. Ал түштүк аймагы боюнча бажы кызматында иштечү. Анын бир тууганы Резазафе Балошинин айтымында, агасы тергөөчүлөрдүн кабинетинде өлтүрүлгөн, ондон ашуун УКМК кызматкерлери сурак учурунда аны сабап, агасы каза тапкан. Жакындарынын айтымында, учурда УКМК бул фактыны жаап-жашырууга аракет жасап жаткан кези. Маркумдун туугандары эмгиче соттук-медициналык экспертизанын корутундусун ала албай жатканын айтышууда. Башкы прокуратурага болгон кайрылууларынан да эч жооп боло элек.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматында, 2-августта маркумдун туугандарынын жактоочусунан арыз түшкөн. Учурда комиссиялык экспертиза аягына чыга элек. Ф.Фнын каза болгонунун себептерин изилдөө улантылууда.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
EkaMika
2011-08-09 05:44:36
Kalashnik avtomatun satkanga ulgurup kalushuptur jakshu!Bizdin milisiya kuzmatkerleri muncha shalaakusunar?
0
tumarchik
2011-08-15 01:39:10
Акчага кызыккан айбандар.
0
880909
2011-08-15 01:46:43
Анан Мент десе арданышат, бизди коргойт десе ушуну кылат эшшектер
0
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан