Гүлзат Суранчиева: «ГҮЛЗИНАТ ЖОГОЛГОНДО БҮТ АЙЫЛ ИЗДЕГЕН»

Гүлзинат Суранчиеванын бир тууган эжеси 37 жаштагы Гүлзат Суранчиева “Бир тууган” рубрикабыздын мейманы.

БИР ТУУГАНДАР
Гүлзат – 1974-жылы төрөлгөн, эки баланын энеси
Нурбек – 1976-жылы төрөлгөн, үч баланын атасы
Гүлзинат – 1978-жылы төрөлгөн, бир кыздын энеси
Гүлниза – 1995-жылы төрөлгөн, мектеп окуучусу

“6 ЖАШЫНАН БАШТАП БӨЛӨК ӨСТҮ”
– Биз 4 бир тууганбыз. Үч кыз, бир эркек. Гүлзинат кичинекейинен эле бизден башкачараак болчу. Башкача дегеним, бизге караганда сулуу, анан өтө эле тың болчу. Ойлосом, балалыгында эле музыкага жакын экен. Кошуна кыздарды чогултуп алып, концерт коюп берчү. Себеби 6 жашында эле борборго музыкалык жатак мектепке окуганы кеткен. Ошентип, 6 жашынан тартып үйдөн бөлөк өстү. Үйгө каникулда эле келчү. “Гүлзинат келет экен” дегенди укканыбызда үйлөрдү жыйнап, дасторкон жайып, аябай күтчүбүз. Апам дагы “бул кыз окусун” деп эле тургандыктан, үй жумуштарынан оолак өстү. “Гүлзинат келди” дегенде иниме чоң маселе башталат. Иним экөө кеч киргенде эле “апамдын койнуна мен жатам” деп чырдашып башташчу.

“АЯБАЙ ЭРКЕ ЭЛЕ”
– Аябай эле эрке болчу. Айткандарынын баарын аткарчубуз. Гүлзинат апамды дүкөнгө ээрчиди дегенде сөзсүз толтура бир нерселерди саттырып алат. Кээде апам таттууларды катып койсо, биз катып койгон жерлерин көрсөк деле унчукчу эмеспиз. Ал эми Гүлзинат сураса, апам сөзсүз берчү. Ошол кезде Кытайдан келген кийим-кечектер өтө бааланчу эмес беле. Бир жолу апам мага бир костюм сатып берди. Ал Гүлзинатка жаккан окшойт, ошол күнү эле “мен сиздей болгондо муну мага бересизби?” дегенинен, “ооба” деп койгом. Ал костюмду кийген сайын эле “эми качан мага бересиз, мен чоңойдум” дей берчү. Азыр эстеп алып айтып калат, “ошол костюмду көргөн сайын эле батыраак чоңойсом экен деп тилене берчүмүн” деп. Кийин көпкө чейин жонунан чечпей кийип жүрдү.

“ЖОГОЛУП КЕТИП, БҮТҮНДӨЙ АЙЫЛ ИЗДЕГЕН”
– Кичине кезинде жүгөрүнү куурчак кылып ойногонду жакшы көрчү. Кадимкидей кийим тигип кийгизип, чач жасап алчу. Бир жолу таякемдин баласы экөө ойноп жүргөн. Анан эле баягы экөө жок. Ызы-чуу эле болуп калдык. Айылдагы болгон аң-дөңдүн баарын карап чыктык. Акыры жоголду деген кабар айылды бүт түп көтөрө издегенге салды. Биздин айылдын четинде эгин талаасы бар эле. Айылдыктар “эгин талаага эле кирип кетишти го. Ал жактан комбайнга чабылып калышпаса эле болду” деп да үрөйдү учурушту. Акыры түн киргенде араң сугатчылар таап келип жатышпайбы. Көрсө, бийик буудайды аралаган экөө адашып кетишиптир. Чарчап, эстери оогондо бир арыктын четине уктап калышкан жерден табышыптыр.

“ОКУЙМ ДЕП БИР ИЧЕГИ БОЛУП КАЛГАН”
– Эсимде, Гүлзинат каникулга келгенде майлуу тамактарды көп жасабай калчубуз. Жалаң жеңил тамактарды жеп жүрүп бир ичеги болуп калса керек, күчтүү тамакты көтөрө албай кыйналчу. Чынында, аябай жакшы окуду. 4-класста окуп жүргөндө апама плащ алып бергени эсимде. Ошол кезде апамдын маянасы 70 рубль болсо, ал эми Гүлзинат жакшы окугандыктан, 120 рубль акча алчу. Анан кошуналарына айтып мактанып, сүйүнгөнү эсимде.

“БАШКА УЛУТТАН ЭКЕНИН БИЛИП, АПАМ КАРШЫ БОЛГОН”
– Гүлзинат экөөбүз кичинебизден эле сырдашпыз. Мен жигиттерге жолугууга чыкканда Гүлзинат агенттин ролунда. Ары жакта апамды байкап турчу. Кокус “эжең кана?” деген суроо жаралса, шылтоо таап, куткарып кетер эле. Гүлзинат 5-6-класста окуп калган болуш керек. Айылдан бир бала мени жактырып калып, күндө эле үйдүн жанына келип, гитара чертип, анан “сүйлөшөлү” дей берчү. Бир күнү адатынча дагы келип, тим эле суранып, ыйлап да алган. Мен аны сүйбөгөндүктөн, урушуп салып үйгө кирип кеткем. Бир маалда эле Гүлзинат артымдан үйгө кирип, тизелеп суранып, жалбарып кирсе болобу. “Эже, жанагы бала менен сүйлөшүңүзчү, “пожалуйста”, боорум ооруп кетти, ал ыйлап жатпайбы” деп. Тим эле жалдырап суранып, жашылданып калган көздөрүн көрүп, бир боорум эзилет десең. Кийин өзү сүйүүгө чалдыкканда да мага биринчи келди. Жигити менен тааныштырды. Бир көргөндө эле күйөө баламдын Гүлзинатка болгон чын ниетин байкап, анан апама айттык. Бирок апам Ралистин башка улуттан экенин угуп, таптакыр кабыл албай койду. “Мейли, сүйсө тийсин” деп улам айтып отуруп араң көндүрдүк. Азыр апам, тескерисинче, “ырас эле ушул күйөө балама чыгыптыр” деп калат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
solnyshko
2011-08-09 15:38:33
Лижбы...лижбы....
0
faiza
2011-08-10 00:32:38
Jazarga bawka tema jokpu,Suranchievanyn ejesinen bawka?
0
Light
2011-08-10 11:31:23
Опять Суранчиева,как же достала она...
0
azulya
2011-08-10 14:16:38
Ушул Суранчиеваны эле жаза бересинер, точно достала уже!!! Кызын, куйоосун, анан тигисин, анан мунусун, и тд.тп. ДА ДОСТАЛА ВСЕХ ВАША СУРАНЧИЕВА, ХВАТИТ УЖЕ БИРДЕМЕСИН ОТКОРУП КОЙСО ДА!!!!
0
monchok
2011-08-10 14:24:44
кыргыздын жигити калбай калыптырбы? кантип апасы макул болот мен эч качан макул болбойт элем
0
Eliza
2011-08-11 00:06:43
ооба кыргыз кыргыздын эле санын кобойткону жакшыго же бироонун катыны бироого кыз корунот болуп калса керек да
0
solnyshko
2011-08-11 10:38:49
она мне вообще не нравится,эмнесине ырчы?эптеп эле 2-3 ыр чыгарып ,ырдап,оздорун аябай "Голливудская Звезда"ойлошот го дейм...
0
Датка кыз
2011-08-11 11:32:53
monchok, коп сынтакпа. Башына ушундай келип калбасын. Кызын суйуп турса не кыласын? Балалуу болгондо, балан чонойгондо билесин баарын
0
maraza
2011-08-11 19:35:14
Gulzinat eje siz azamatsiz! Bekerinen sizdi Iosif Kobzon "Zolotoi golos" dep aitpasa kerek. Kyrgyzstandyn namysyn korgop, atyn chygaryp kancha olkolorgo baryp kelip jatasyz, yigilik sizge! Ui-bulonuz menen baktyluu bolunuz!
Ichi tarlar uro bersin, a siz osup-ono beriniz!
0
Light
2011-08-12 12:06:28
maraza, Ва ха ха ха да еще и золотой голос???Кабзон просто пошутил значит))).Да прослушай её внимательно,у неё нет голоса.
0
Kumarbek
2011-08-14 05:27:10
Азамат мын сезим деген ырын жактырам
0
lira
2011-08-14 08:27:27
Gylzinat ejeni dagy koro albagandar bar eken, tan kali4tyy!
Men talantyn baalaim.Kim emne dese, dey bersin.
0
Zamira
2011-08-14 14:14:35
Эн ажарлуу айым!!!
0
jamek10
2011-08-31 21:45:04
мага мисалы уну жагат эми на вкус и цвет товарища нет дегендей у каждого свое мнение
0
Chopulya
2011-09-08 19:58:13
Кыргызда коро албастын ото жакшы онуккон да. Солнышко болбой эле карангы тун экенсин.
0
adelima
2011-09-16 16:22:29
чынында аябай ажарлуу айым го. эч бир жаш ырчы чыга электе ушул эжекебиз шантелл тобу менен ырдап чыккан.менимче суйууго эч нерсе тоскол боло албайт. негизгиси мээримдуу эне,суйутуу жубай боло алды. бактылуу болсун!
0
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан