Корей актёру Чан Гын Сок ("Сен кереметсиң" сериалындагы Хван Те Гён ) кино тартуу менен алек. “Будапешт күндөлүгү” аттуу 45 мүнөткө созулган тасмада өзү башкы каармандын ролун ойнойт. Европанын байыркы шаарындагы сүйүүнү даңазалаган бул фильм алгач ушул жылдын октябрь айында Японияда коюлуп, андан кийин сатыкка чыга баштайт.