ЖУПКА – ОРОЗО ТАМАГЫ

Ачыбаган камырдан жасалган эзелки гүлазыктардын бири – жупка. Жупканы мындай күндөрү жасабаганыбыз менен, ыйык Рамазан айында көпчүлүктүн сүйүктүү даамына айланат. Анткени ал тоюмдуу жана сиңимдүү тамак болуп саналат.

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Ун – 200 грамм
Суу – 1 стакан
Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Буудай унунан катуу камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.
2. Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгы 1-2 миллиметрдей кылып жайып алабыз.
3. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөчтанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырып алуу керек. Улам оодарып, отту бирдей кармап, баарына саресеп салбаса күйүп кетиши ыктымал.
4. Даяр болгон жупканы кесеге туурап, үстүнө сары май, эзилген сүзмөнү салып кайнак суудан куябыз. Татымына жараша туз саласыз. Үч мүнөттөн соң тамагыңыз даяр. Табитиңизге жараша кара мурч, майда тууралган пиязды кошуп ичсеңиз да болот.
5. Жупканы алдын ала даярдап, майдалап, кездемеден тигилген баштыкта 1 жылга чейин сактасаңыз болот. Анан да бул азык алыс жолго чыкканда алып жүрүүгө да ыңгайлуу.
6. Жупканы шорпого, сүткө, эзилген курутка чылап ичсе да болот.

ЭЗИЛГЕН КУРУТ
Курут – 300-400 грамм
Кайнак суу – 1-2 литр
Алгач курутка кайнак суу куюп 2 мүнөттөй дымдап, тузун кетирип төгүп салат. Андан соң улам аздан кайнак суу куюп, курутту эзип алуу керек. Жакшылап эзип алгандан кийин суудан куюп, жай отко кайнатабыз. Аны кайнап чыкканча аралаштырып турууну унутпаңыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
baibolot71
2011-08-08 21:08:51
Иилгерии кичинекей кеэимде апам жасап беруучу эле,мен да ошол жупка жеген кундорум эсиме келе тушту.
0
wwwgulya86ru
2011-08-08 23:39:47
menin da esime kele tywty kanday sonyn tamak ee
0
Шаиста Шатманова
2011-08-09 10:19:07
wwwgulya86ru, мен да апамдын жупкасын, курутабасын сагынып сагынып кетем. Озум жасасам анча окшошпойт:(
0
aikoledi
2011-08-10 02:39:07
бышыруу ыкмасына тушунгон жокмум.жуптап кантип бызырат.бирден бышырса болбойбу
0
deva
2011-08-10 09:18:41
Жайылган камырды саласын. анын асты бышканда оодарып, устуно дагы бир камырды саласын. Астындагынын табы менен бир жагы бышат. Анан экоон кошуп оодарасын ушунтип кете берет Мен бышырып кордум Аябай сонун тамак экен. Куксиден бат бышат. Табигый азыктар кошулма-пошулма деген жок
0
Eliza
2011-08-11 00:10:20
эх кандай сонун тамак э апам коп жасап берчу азыр апамдын жасап берген тамактарын сагындым
0
Koreanka
2011-08-18 13:53:21
Ыммм аябай таттуу тамакда бул.Мен кичинемде тай атам коп жасап берчи азыр деле иногда озум жасап жейм.
0
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан