Башталышы – 20:08 (38 мүнөт кечигип башталды, 29-июль күнү)
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 70 пайызы
Мыкты номер – Айбек Карымов, Гүлзат Байзакова “Дил кайрык” ыры
Алпаруучу – Замир Казакбаев
Билет баасы – 300-400 сом
Адаттагыдай эле качан көшөгө ачылат деп күттүргөн концерт салтты бузбай слайд-шоу көрсөтүү менен башталды. Андан кийин “Назик” бийчилер тобу ачып берген соң Роза Шакирова чыгып Айбек агасын куттуктап эки ыр аткарып берди. Алпаруучу Замир Казакбаев эл менен учурашып, күндүн күнөөкөрүн сахнага чакырса “Оо, достор, ушул күнү төрөлгөнмүн, алпештеп ак бешикке бөлөнгөнмүн” деп Айбек Карымов ырдап чыга келди. Андан соң эски да, жаңы да чыгармаларын аткарып, кайсыл бир кездерди эске салды десек да болот. Анткени Гүлзат Байзакова менен ырдаган “Дил кайрыгы” кадимкидей концертке көрк берди.
Баса, өзү жетектеген “Бейне” тобун да бул күнү бешиктен чыгарып, тушоосун кести. Ал тургай ата-энелери да сахнага чыгып, балдарынын продюсери Айбек Карымовго чапан кийгизип, куттуктаганга жетишишти. Концертке Урмат Усенов, Бек Борбиев тарбиялап жаткан “Арман” тобу, Алтынай Нарбаева, Даниель, Назми келип катышып, экиден ыр ырдашты. Ал эми жубайы Гүланда бир далайдан кийин сахнага чыга келди. Бирде жалгыз ырдаса, бирде түгөйүн чакырып, айтор, экөө үйлөнө элек кезде ырдап жүрүшкөн дуэттерин аткарышты.
Спорт Ордосу толбогону менен, көпчүлүк Айбекти сагынып калган өңдүү. Үч саатка созулган концертте тамашалар да аралаш болду. Куудул Борончу Кудайбергенов ооруканадан атайын концертке деп суранып келген экен, буулугуп калганбы, айтор, кечке кетпей сүйлөдү. Аягында көрүүчүлөр күлбөй эле тажап кетти. Жалпысынан бир жылда бир өтүүчү Айбек Карымовдун концерти жакшы өттү.
Толик сынчы
star@super.kg