Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, куудул Күмөндөр Абылов, манасчы Дөөлөт Сыдыков эми жөө жүрүшпөйт. Себеби Соң-Көлдө Куйручук олуянын 145 жылдыгына карата өткөн мааракеде баш байгеге коюлган Мерседес үлгүсүндөгү үч унаа жогоруда аты аталган үч мырзага буюрду. Төкмө акын Азамат Болгонбаев 1-орунга татыса, 2-орунга Аалы Туткучев ээ болду. Ошентип, жеңишке жеткен жигиттер азыркы тапта сыйлыктарын майлап-жууп жатыры.