Тили буудай кууруган алпаруучу Нурзат Токтосунованын ити чөп жеп турган кези. Алсак, кытайлык кыргыздар он күн бою өтө турган маданият күнүнө арналган мааракени алпарууну сунушташыптыр. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата уюштурулуп жаткан иш-чарага Орусиядан да чакырык түшүптүр. “Буюрса, сөзсүз барам, чакырган жерден калбаш керек” дегенине караганда, кызмат акысын да бычышып койгондой.