Юрмалада өткөн “Жаңы толкун-2011” эл аралык сынактын жыйынтыгы чыгып, мекендештерибиз Арсен менен Айбек 4-орунга ээ болуп кайтышты. 1-орунду АКШлык Жейден Фелдер, 2-орунду украиналык Маша Собко, ал эми 3-орунду «N.A.O.M.I.» аттуу орусиялык топ илип кетти. “3-орунду алганга эки гана упай жетпей калды” дейт Арсен. Теледен жигиттердин ырдаганын күзөтүп отуруп, калыстардын биздин жигиттерге берген жогорку бааларын көрүп, толкунданбай койбойсуң, албетте. Жигиттердин ийгилигине кубанган окурмандар үчүн ырчылардын эксклюзивдүү интервьюсун келерки саныбызда сунуштайбыз.