Ысык-Көл районунун 80 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көлдө Кадыр түн-2011” сынагы өтүп, анда Казакстандан келген таланттар да катышышты. Баш байгени комузчу жигит Алтынбек Каленов алып, колуна 5000 доллар кармап кайтты. 1-орунга фольклор боюнча кыякчы Залина Касымова татыса, эстрада жаатынан Бек Исраилов аттуу ырчы ээ болду. Ырчы Кайрат Примбердиев да катышып, “2-орунду алып, 50 000 сом акчалай сыйлык менен сыйландым” деп кубанды. Угушубузга караганда, катышуучулар арасында “кандайча элге таанымал эмес ырчы баш байгени алышы керек?” деген күмөн санаган күдүк ойлор, ич күптүлөр бар дейт. Бирок калыстар тобундагы Самара Токтакунова, Гүлнур Сатылганова, Анарбек Ибраев, Түгөлбай Казаков сыяктуу залкарлар кеп атак-даңкта эмес, талантта экендигин далилдешти деп ойлойбуз.