Роб Коэн "1950" деп аталган корей тасмасынын режиссёру болуп дайындалды. Фильмге 100 миллион доллар сарпталып, Түштүк Кореянын тарыхында эң кымбат тартылган алгачкы тасма болот. Фильм 1950-жылы Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы согушту чагылдырган америкалык аскер кабарчысы Маргерит Хиггинс тууралуу болмокчу.