Босния жана Герцоговинанын борбору Сараево шаарында болгон 17-кинофестивалда актриса Анжелина Жолиге «Сараевонун жүрөгү» («Сердце Сараево») сыйлыгы ыйгарылды. Аталган сыйлык Жолинин алгачкы режиссёрлук иши болгон «Кан менен балдын четинде» («В краю крови и мёда») тасмасы үчүн берилген. Тасмада босниялык кыз менен сербиялык жигиттин 1992-1995-жылдары болгон согуш убагындагы ысык сүйүүсү баяндалат.