КРнын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актёр Токон Дайырбеков 2-август күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. “Бөрү зындан”, “Ак илбирстин тукуму”, “Сүйүү закымы”, “Гаишниктер” жана башка көптөгөн тасмаларда роль жараткан актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-август күнү кичи мекени Өзгөндүн Жалпак-Таш айылында болду. Токон агайдын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.