Акыркы кезде КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын бейнесине жалаң гана ушак-айыңдар сүртүлүүдө. Өткөндө Клара Алибекова келип “Айчүрөк эже жолдошуна мени жамап жүрөт экен” деп кейип-кепчип кеткен эле. Ага жооп иретиндеби же жөн гана ичтеги бугун чыгарып алгысы келдиби, айтор, Айчүрөк айым минтип төгүлүп туру.
– Кларанын менден кеткенине 15 жыл болду. Клараны мен эмес, кыргыз эли унутуп калгандай. 15 жылдан кийин чыга калып “мени Айчүрөк эже ушактап жүрөт болуш керек” дегенин кандай түшүнөрүмдү билбей турам. Эркектин тескери басканы жубайынын намысына доо кетирет. Кантип мончоктой болгон балдарымдын атасын “тиги менен мамиле курган” деп ушакка кошуп, өзүмдүн беделимди өзүм түшүрөйүн? Ал маалымат чыккан гезит аз сандагы нускада экен. Ал эми силердин гезитиңерди элдин терең катмары окуйт. Мен өзүм улуу башымды кичүү кылып чалгандан кийин ошол чыккан гезитке эле жообун берип, андан ары ырбатпай, тынчытып коюунун ордуна жалпы элге жарыя кылганына таң калдым.
Бул кызга карата менде кыжырдануу эмес, боор ооруу пайда болду. Кичинесинде топтогон атагын убакытка уурдатып жиберип, таптакыр көрүнбөй жок болду. Азбы-көппү, колумда жүрүп калгандан кийин көпчүлүктүн арасынан кээде жокточумун. Көрүнбөй жүргөнүнө, талантын кароосуз таштаганына эжеси катары кейийм. Ушинтип ар кимдин кебине алданып, ушакка убактысын короткуча, жаңы ыр жазып, жакшы клип тартса болмок. Дагы да болсо колумдан келген жардамымды берем, келсе кеңешимди аябайм.
Клара мага чейин да, менден кийин да көп адамдар менен иштешти. Бир жерге байыр алып, бир адамдын тарбиясында жүргөндө, балким, башкача болмок. Өз убагында жаркыратып чыгарууга аракет кылдым. Өзүмө чыгара электе Кларага ”Балалык” аттуу ыр жыйнагын чыгарып бердим. Эл аралык “Азия Дауысы” фестивалына алып бардым. Ал жактан көп эле дүйнөлүк жылдыздар менен таанышып, чыгармачылыгына таасирдүү из салып алганын өзү деле танбаса керек. Кетип баратканында кабыргам кайышкан. Чын дилимден, эжеси катары көнүшө түшкөнүмдү ыраазы болуу менен эстебестен, тескери жагына чаргытып айтып жатканына сөз табалбайм.
Маегин окугандан кийин ортодогу тааныштарыбыздын бирине чалдым. «Мен минтип аброюма шек келтирген бирөөлөр менен соттошуп жатсам, анан мунун кайдагы бир кепти жамынып ортодон чыга калганы кандай?» дедим. Ал киши менин көзүмчө Кларага телефон чалды. Клара: “Ырчылар айтып жатышат, “мына, баланча деген окуучусу “нападение” кылдырып салды эле, унчукпай калды. Сен “лох” болуп жүрө бересиңби?” деп, мен эмне, “лох” болуп жүрө беремби?”- деп кыйкырды. Кудайдын улуу күнүндө калп айтпайын, уккан кулагыма ушул убакытка чейин ишене албай турам. Кудай урбасын, Кудайдан, элден улуу мен үчүн эч ким жок. Уурданып артынан келип кол көтөрүп, курулай ушакты элге тараткан адам бул – жан дүйнөсү чириген, орто жолдо өз ордун табалбай калган, алсыз адам. Өзү айткандай, Клара бул иш тууралуу тиешелүү органдарга айтып жаткан эжекелери менен жооп берет.
Ар бир кыймыл, ар бир сөз мыйзамдуу болуш керек. “Обонго” Назгүл Насиеванын адамдык аброюма шек келтирген макаласы чыккандан кийин сотко кайрылууга мажбур болдум. Эстрадада 25 жылдык эмгегим бар, ээн ооздонуп айтылган кептердин көбүнө чыдадым. Акыры мыйзам чегинде укугумду коргогонго аргасызмын. Соттук отурум 19-июлга белгиленген эле, бирок катышы бар адам келбегендиктен, кийинкиге жылдырылды. Иш райондук сотто. Тааныш-билиш деген биздин коомго көнүмүш болгон нерселер аралашса, шаардык сот бар. Ал да жыйынтык бербесе, Жогорку Сот дегендей.
Мен Кыргыз Республикасынын жаранымын, укугумду коргоого тиешелүү органдар милдеттүү деп ойлойм. Кандай болсо да бул иштин аягына жетем. 19-июлда “Обондун” кожоюну Дүйшөн мырза сот иши башталгандан кийин телефон чалып, “мен билбей калыптырмын, Көлдө элем, улуу башымды кичүү кылып кечирим сурайын, бир ачууңузду мага бериңиз” деди.
8-9 ай мурун ошол эле гезитке менин биринчи жолдошум, Аргендин атасы, Такен Шаршеевичтин мен жөнүндө жана канынан жаралган жалгыз баласы Аргенди жамандаган интервьюсу жарык көргөн. Ажырашканыбызга 20 жылдан ашуун убакыт болуптур. Атасы деген аты болбосо, баланын түйшүгүнө Таалай экөөбүз түттүк. Алимент дебей, жардам сурабай, энелик эрктүүлүгүм менен баламды эрезеге жеткирдим. Макала чыккандан кийин Такен үйгө чалып, баласынан жана менден бир нече жолу кечирим сурады. Ошол учурда ал киши абдан катуу депрессияда жүрдү, ооруп бейтапканаларга жатып жүрүп, акыры көз жумду.
Бурул Исмаилова
star@super.kg