Соңку апталарда спикер Ахматбек Келдибековдун айланасындагы кеп-сөз тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынын жетекчиси Шаирбек Маматокторовду кыска кепке тарттык.
– Төраганын Индонезия менен Малайзияга барганы дүрбөлөңдү жаратты. Кептин баары атайын учак менен коштоочулардын көптүгүндө элеби?
– Ага чейин Казакстан, Орусия, Татарстан жана Азербайжанга деле барып келген. Акыркы учурда коомчулукта төраганын дарегине ар түркүн сындар айтылып жатат. Мурун саясий оюндардын жыйынтыгы деп кайым айтышууга барчу эмеспиз. Бирок Түштүк Чыгыш Азияга барган сапары айрым маалыматтарды ачыктоого түртүп жатат. 15 депутат болгонуна карабастан, аларды 50 дешти. Коштоочуларга келсек, мындай сапарларга басма сөз кызматы жана аны чагылдыруу үчүн журналисттер да барышкан. Депутаттардан тышкары 28-29 киши. Каражат үнөмдөө үчүн жакын жайгашкан эки өлкөгө кош визит кылып пландаштырдык. Болгону, тизмеде интернет булактарынан барчу өкүлдөр бар эле. Кандайдыр бир себептер менен кошулбай калып, кийин алар бизге таарынып калышты окшойт. Ал эми 5-каналдын таржымалы белгилүү. Ал саясий буюртманы аткарды.
– Атайын учак көп талкууну жаратты...
– Биз парламенттик республикада жашап жаткандыктан, Жогорку Кеңеш бийликтин туу чокусу экендигин билишибиз шарт. Эки өлкөгө бара жатканы үчүн алдын ала бардык эсебин жана шарттарын да карап чыкканбыз. Литердик каттам арзаныраак болгондуктан, атайын учакты тандашкан. Ал эми ал жактагы чыгымдарды тосуп алуучу тарап көтөрдү.
Айтмакчы, Ахматбек Келдибеков Индонезияга барган сапарында алардын спикери менен өкмөт башчысына кыргызстандык баңгизат менен кармалган Жибек деген кыздын маселеси боюнча кайрылды. Мындай иштер акыйкатчынын иши болгонуна карабастан, спикер мекендеши үчүн аны өз өлкөсүндө жаза мөөнөтүн өтөө жагын суранды.
– Спикердин Түркияга кеткенин эмне үчүн жашырдыңар?
– ММКлар Түркия жөнүндө айта баштаганда мен иш сапарда болчумун. Бирок эс алууга укуктуу киши мөөнөтү келгенде каалаган жагына барып дем алат да. Албетте, басма сөз кызматы андай айыптоолордон кийин так маалыматты тараттык. Өкүнүчтүүсү, бизде ушакка көп ишенишет, айрыкча саясий буюртмаларга.
– Жакынкы аралыкка төраганын чет өлкөлөргө баруучу сапарлары белгиленгенби?
– 15-августта ЖКнын кезексиз жыйыны болуп өтөт. Бирок чет өлкөгө иш сапар тактала элек. Эгерде төрага жөнүндө кандайдыр бир так маалымат керек болсо, биринчи бизге кайрылышса. Электрондук дарек аркылуу, телефон аркылуу биз ар дайым ачыкпыз. Дүрбөлөң салардан мурун бизге байланышып, такташып алууну өтүнөт элек.
Эльвира Караева
politika@super.kg