Бир бүркүм... АЖЫЛЫК САПАРДЫ ЧУБАК АЖЫ УЮШТУРАТ...

  • Ажолукка ат салышкандардын саны 32ге жетти, анын 25и өзүн-өзү көрсөткөндөр...
  • Орусиялык нефтетрейдерлер Кыргызстанга жөнөтүүчү бензиндин баасын 70 тыйынга көтөрдү.
  • Өлкөдө жумушсуздардын жалпы саны 101 миң киши, - деп Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
  • “Центерра Голд” алтын казып чыгаруучу компаниянын вице-президенттик кызматына жарыяланган сынакка 18 адам ат салышты. Жеңип чыккан адам 70 миң долларлык маяна алат.
  • «Бишкек шаары дагы 20 орто мектептин курулушуна муктаж»,- деп шаардын мэри Иса Өмүркулов билдирди.
  • Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жакынкы эки жылдын ичинде 120 миллион доллар бөлөт. Бул банк 1992-жылдан бери өлкөбүзгө 1 миллиард доллар акчалай жардам берген.
  • Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жакын жерде заманбап «Кызыл-Кыя» бажы текшерүүчү посту курулду.
  • Бишкекте азыркы күндө 20 миңден ашык адам аракечтик илдетине кабылган.
  • Ажылык сапарга быйыл 4500 зыяратчы барат. Муфтий Чубак ажы Жалилов ажылык сапарды уюштуруучу болуп шайланды.
  • “Кытайлык инвесторлор Кара-Балта шаарында жарым жылдын ичинде эки кийим тигүүчү фабрика курат”,- деп премьер-министрдин кеңешчиси Сергей Пономарёв кабарлады.
  • Кара-Сууда 9 миң, Араванда 5 миң гектар пахта талаасын курт басып кетти.
  • Өкмөт өлкөдөн этти экспорттоого тыюу салбоо жөнүндө чечим чыгарды.
  • «Дордой» базарына жакын жерде пиротехника сакталган кампада жардыруу болуп өттү.
  • Кыргызстан калкынын арасында ВИЧ-инфекциясы тез жайылган дүйнөдөгү 25 өлкөнүн тизмесине кирди.
  • Өткөн саныбызда УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин «Атам милицияны жек көрчү» деген аталышта маеги жарыяланган. УКМКнын басма сөз кызматына «жек көрчү» деген сөз безге сайгандай угулуптур. Алар «Кеңешбек мырза, болгону, атасынын милиция кызматкерлерин жактырчу эместигин айткан болчу»,- дешет.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан