Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын мүчөлөрүн тандоо учурунда Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги жетиштүү добуш топтой алган жок. Эскерте кетсек, Азимбек мырза 2005-жылы Баш прокурор болуп иштеп, 2010-жылы УӨнүн курамында сот органдары жана прокуратура тармагын көзөмөлдөгөн.
3-августта сотторду тандоо кеңеши 11 кишини добуш берүү жолу менен тандап алды. Эми алардын тизмеси президентке берилип, мамлекет башчы Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылат. Жогорку Соттогу 35 орун үчүн 114 талапкер өз арызын тапшырган болчу.