“Бул айда жамгыр көбүрөөк жаайт”,- деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Августта өлкөнүн көптөгөн аймактарында аба ырайынын орточо температурасы нормага ылайык жана нормадан ылдый болушу күтүлүүдө. Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын көбүрөөк болуп, Ош, Жалал-Абад менен Баткен облустарында норма боюнча жамгыр жаайт.
Маалымат үчүн: Августтун эң төмөн температурасы 1900-жылы 3,2 градус менен катталган. Ал эми эң ысык август күнү 1997-жылдын 16-августунда 40,5 градуска чыгып рекорд койгон.