“Өлкөнүн борбор шаары Бишкекти Манас деп аташыбыз керек”,- деген «Апрель баатырлары» коому демилге көтөрүп чыкты. “Биз бүгүндөн баштап кол топтоого киришебиз. 10 миң кишинин колу чогултулган соң парламент менен өкмөткө Бишкекти Манас деп атоо сунушу менен кайрылабыз”,- деди аталган коомдун өкүлү Турусбек Сагынаев. «Азыркы тапта мамлекеттик идеологиянын жоктугунан каада-салт жана рухий баалуулуктар жоголуп, рухий туңгуюкка кабылдык. Калааны Манас деп атоо аркылуу биз каада-салтка жакындап, рухий жактан байыйбыз»,- дешет алар.