Депутат айым сот залында туфлиси менен айыпталуучуларды башка соккулаптыр дешүүдө.
“КСДПнын депутаты Ыргал Кадыралиева агасы Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча соттук процесс башталарда агасынын өлүмүнө шектүү деп кармалгандарды бут кийими менен сабады”,- деди айыпталуучулардын туугандары Медер Итибаев менен Айнагүл Маташева. Алардын айтымында, эл өкүлү сотко 20 чакты спортчунун коштоосунда келген. “Айыпталуучу Алтынбек Итибаев менен Мурасбек Маташевди сот залына киргизгенде, спортчу балдар сабай башташкан. Анысы аз келгенсип Ыргал Кадыралиева туфлисин чечип баштан ары чапты”,- деди Айнагүл Маташова. Ошондой эле туугандары бул окуя боюнча КСДПнын штабына кайрылышканда, алар депутатты мандатынан гана ажыратып коюу мүмкүндүгүн айтышкан. Бул уруштан улам сот процесси дагы каралбай, 40-жолу кийинкиге жылдырылды.
Ал эми депутаттын өзү жогорудагы айыптоолорду четке какты. “Сот залында бут кийим менен эч кимди урган эмесмин. Бул мага каршы жасалган кара пиар”,- деди ал. Эске салсак, 2009-жылдын 14-апрелинде ЖКнын депутаты Санжарбек Кадыралиев өз үйүнүн жанында белгисиз бир адам тарабынан өлтүрүлгөн.