“ВАЛЕНСИЯ” КЛУБУ КРИШТИАНУ РОНАЛДУНУ САТЫП АЛУУНУ КӨЗДӨӨДӨ

“ВАЛЕНСИЯ” КЛУБУ КРИШТИАНУ РОНАЛДУНУ САТЫП АЛУУНУ КӨЗДӨӨДӨ
Испаниянын «Валенсия” футбол клубунун президенти Хуан Солер белгилүү оюнчу Криштиану Роналдуну «Манчестер Юнайтедден” сатып алууну клуб мүчөлөрү менен көздөп жатышкандыгын тастыктады.
“Валенсия” клубу буга чейин Фернандо Морьентести «Ливерпулдан”, “Челсиден” Асьера Дель Орнону сатып алган. Эми “Манчестер Юнайтедден” португалиялык жарым коргоочу Роналдуну сатып алууга камданышууда.
“Мен сүйлөшүү кыйын болоорун билем. Оюнчу менен сүйлөшүүдөн мурда клуб менен сүйлөшүү жүргүзүп, анан гана Роналду менен сүйлөшүүгө барабыз. Бирок, клуб “жок” деп жооп берсе дагы максатыбыздан артка тартпай, Роналдуну суранууну улантабыз. Ошентип, клубдун жообун 31-августка чейин күтө­бүз” деп билдирди Солер.

“РЕАЛДЫН” ЖАҢЫ ОЮНЧУСУ КАННАВАРО ЗИДАНДЫН НОМЕРИН АЛДЫ
Турин шаарынын «Ювентус» клубунан Мадриддин “Реал” клубуна которулган Фабио Каннаваро 26-июлда прессага расмий түрдө тааныштырылды.
Жаңы командадагы коргоочу Фабиого Зинедин Зидан ээ болуп келген 5-номер ыйгарылды. Эми футболчу мындан кийин аталган номер менен оюн талаасына чыга баштамакчы. Эскерте кетсек, Зидан 5-номерде 5 жыл ойноп, далай ийгиликтерди камсыз кылган болчу.
Фабио «Ювентуска» келгенге чейин «Наполи», «Парма»,«Интер» клубдарында ойноп келген.
Фабио 1973-жылы Италиянын Наполи шаарында туулган. Италиянын суперкубогунун жана кубогунун эки жолку, УЕФА кубогунун бир жолку жана «Күмүш топтун» ээси.

РОНАЛДИНЬЮ СҮЙҮКТҮҮСҮ ЭКӨӨ БАЛАЛУУ БОЛУУНУ ПЛАНДООДО
Германиядагы Дүйнө чемпионатындагы фиаскодон кийин бразилия футболчусу Роналдинью өзүн сүйүктүүсүнүн мээрими менен жубатып, андан балалуу болууну пландоодо.
Роналдиньюнун француз улутундагы мамилеш кызы Александра Парессан менен болгон романы 5 айга таяп барат. Футболчуну чын дилинен сүйгөн бийкеч Роналдинью менен түбөлүк бирге болууну каалагандыктан, анын балалуу болуу сунушун чын дилден кабыл алды. Сүйүшкөндөр чемпионаттан кийин Бразилиянын Порто Алегре шаарында эс алып келишти. Ал шаарга экөө Рональдиньюнун жаңы алган «Феррари GTB-599» машинасы менен барышты. Александра октябрь айында сүй­үк­­­түүсү менен жашаганга футболчунун шаарына, башкача айтканда, Барселонага учуп бармакчы. Ошентип, белгилүү футболчу Роналдинью жеке жашоосун куруу алдында турат.


РОССИЯ МУШКЕРЛЕРИ ЕВРОПА ЧЕМПИОНАТЫНАН 11 МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ
Россия мушкерлери Болгарияда өткөн бокс боюнча Европа чемпионатынан 11 медалдуу болуп кайтышты.
Тактап айтканда, россиялык мушкерлер 11 салмак категориясында 9 алтын, 2 күмүш медалды утуп алышты. Бул дегендик Европа биринчилигинде бир эле курама команданын сыйлык жагынан абсолюттук рекорддук көрсөткүчү.
Европанын жаңы чемпиондору болуп калгандар: Давид Айрапетян, Георгий Балакшин, Али Алиев, Альберт Селимов, Алексей Тищенко, Андрей Баланов, Матвей Коробов, Артур Бетербиев, Ислам Тимурзиев.
Күмүш медалды камсыз кылууга жетишкендер: Олег Комиссаров, Роман Романчук.
Аталган турнирге тажрыйбалуу адистер Сергей Казаков, Александр Малетини катыша алышкан жок. Эгер булар да катышса россиялыктар мындан да көп сыйлык менен кайтышмак беле, ким билет.
Эми 2007-жылы бокс боюнча Дүйнө чемпионаты сентябрь айында Мос­квада өтөт.


ВИТАЛИЙ ПЕТРОВ ФОРМУЛА-3000ДИН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ
Россиялык 21 жаштагы Виталий Петров 23-июлда Италиянын Муджелло шаарында болуп өткөн Ф3000 Евросериясындагы автожарыштын жеңүүчүсү болуп, жалпы зачёттогу абалын чыңдап алды.
“Россия-2005тин” эң мыкты айдоочусу Виталий бир ай мурун эле Венгрияда өткөн жарышта дебюттук жеңишти камсыз кылган. Эми минтип кайрадан утуш ээси болуп отурат. Эгер техникалык маселелер болбогондо айдоочу жалпы зачётто мындан да бийик жыйынтыктарга жетмек. Анткени, ал ишембидеги жарышта 2-орунда келе жатканда машина тетиги бузулуп, 7-орунга жылып кетүүсүнө жеткирген. Жекшемби күнү күн көнөктөп жаап турганына карабастан, Виталий атаандаштарына алдыга чыгууга мүм­күнчүлүк берген жок. Жыйынтыгында, ийгилик ээси болуп кала алды.
Эгер техникалык мүчүлүштөр дагы артка тартпаса, Виталий автожарыш дүйнөсүндөгү алдыңкы үч адамдын катарына кошулаары бышык.


ВЕРА ЗВОНАРЕВА ТЕННИС ЧЕМПИОНУ
Вера Звонарева байге фонду 170 миң долларды түзгөн АКШнын Цинциннати шаарында өткөн теннис турниринде чемпиондукту утуп алды.
Турнирдин финалында Вера кортко словениялык Среботник менен чыгып, 6:2, 6:4 эсебинде жеңишти камсыз кылды. Бул теннисчинин акыркы эки айдагы экинчи жолку чемпиондук титулу. Вера акыркы убактарда WTA рейтингиндеги жоготкон ордун кайтарып алууга жан үрөөдө. Азыр рейтингде 37-орунда. Мындай темп менен Вера үстүбүздөгү сезондо рейтингдеги алдыңкы 10 орунду ээлөөчүлөрдүн катарына кошулуп калуусу ыктымал.
Үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында Вера эки матчты уткузуп койгон. Экөөн­дө тең дүйнө­нүн 2-ракеткачысы Ким Клийстерске уттурган болчу. Бирок, антсе да ийгилик Кудайы аны чоң жеңиштерден куру кол койбой, минтип карьерасындагы 5-титулга ээ болууга жеткирди.


Жергиликтүү жаңылыктардан

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН 9 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ
Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты болуп өттү. Анда кыргызстандык балбандар 2 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль утуп алып, мекенибизге жеңиш менен кайтып келишти.
Аталган турнирде эркин күрөш боюнча килемге 8 балбаныбыз чыгып, болгон шык-билимин көрсөтүштү. Жеңил салмакта жердешибиз Турарбек уулу Нурлан түштүк кореялык, япониялык, монголиялык атаандаштарын жеңип, алтын медалга татыды.
66 килограмм салмактагылардын арасындагы беттеште Ноорузбек Белеков утуп чыгып, алтын медал тагынды. Эң жеңил салмактагы Орозбек уулу Нурлан коло медалды камсыз кылды.
Жалпы командалык эсепте 1-орунга Иран, 2-орунга Казакстан, 3-орунга Кыргызстан ээ болду.
Кыздар жаатында болсо эркин күрөш боюнча катышкан 3 кыздын бири Кубатбек кызы Гүлина күмүш байгеге ээ болду. Ал 55 килограммдык салмактагылардын сабында болчу.
Грек-Рим күрөшү боюнча кыргызстандыктар 2 күмүш, 3 колого ээ болду.
Күмүшкө жетишкендер: Кайрат Касенов, Азат Эркинбаев. Ал эми коло медалга татыгандар: Алмаз Түмөнбаев, Асылбек Бөдөшев, Куралбек Ордобаев.
Эми кыргызстандык жаш балбандар августта Тайландда өтө турган Азия чемпионаты менен күзүндө Кытайда өтчү Дүйнө чемпионатына катышышмакчы.
Кыргыз мушкери Нурпаис Жаркынбаев Эл аралык турнирди жеңип алды.
Россиянын Бурятия Республикасынын Улан –Уде шаарында эл аралык турнир аяктады.
Анда супер оор салмактагы кыргызстандык мушкер Нурпаис Жаркынбаев алтын медалды утуп алды. Турнирге Россиянын, Монголиянын, Кыргызстандын мушкерлери катышышты. Нурпаис рингге эки ирет чыгып, экөөндө тең жеңишке жетишти.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 195, 28-июль-3-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан