«КАЙДАСЫҢ, НАГИМА?»

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер да жок эмес.

"Неберем Нагима 6 жашында".

– Мындан 30 жыл мурда менин неберем Абдыжапарова Нагима Каныбековна төрөлгөн эле. Турмуштун өйдө-төмөнү болуп, уулум аялы менен ажырашып кетти. Неберем Нагима менин колумда жүрдү. Анын энеси Жылдыз Канатбек деген кишиге турмушка чыккан. Бир күнү Жылдыз келип, «Нагиманы мага бериңиз, сизге жиберип турам» деп туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кошо алып кетти. Бирок ал сөзүнө турбай, бир да жолу мага жиберген жок. Мен өзүм 84төгү кемпирмин, 2010-жылдын январь айынан бери эки көзүм тең көрбөй калды.
Нагима, кызым, сенин өңүңдү көрбөсөм да, үнүңдү бир уксам дейм. Чоңойгондо кыз бала болобу, эркек бала болобу, төркүн керек. Мага келип бир жолугуп кет.
Чоң апаң Турсун Абдырахманова. Нарын шаары, С.Чанаев көчөсү, №31. Т.: 03522 55605, 0700 969630


“БУРЯТ АЯЛ ЖЕРДЕШИМДИ ИЗДЕЙТ”
– Мен азыр Монголиянын Улан-Удэ шаарында турам. Көптөн бери мага бир бурят аял келип, өзүнүн эски таанышы, Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Семёновка айылында милиция кызматында иштеген Байтоков Керимдин дарегин табууга жардам бер деп суранып жүрөт. Аялдын фамилиясы – Баирова. Тааныган-билгендер болсо, кабарлап коюңуздар.
Алымбек Абжамилов. Т.: 0079644049832,
0079247525479, www.alik3944@mail.ru


“ГРУППАЛАШЫМДЫН КАБАРЫН ТАППАЙ КЕЛЕМ”
Шыгаева Бактыгүл Канатовна 1981-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң айылында туулган. Экөөбүз Нарында чогуу филология факультетинде окуганбыз. Ал кийин Бишкектеги И.Арабаев атындагы университетке которулуп кеткен. Арадан 5-6 жыл өттү, кабарлашпай калдык. Жолдошунун аты – Кенжебек.
Бактыгүл, эгер менин катымды окуп калсаң, мага байланыш.
Нарындан Үмүт. Т.: 0554 18-06-81


“АБАМДЫН БАЛАСЫН КӨРСӨМ ДЕЙМ”
– Токтош абамдын баласы Сатыбалдиев Жеңишбекти издейм. Эгер окуп калсаңыз, мага байланышка чыгыңыз.
Маматбек уулу Кумарбек. Т.: 0089642057787


“ДОСТОР, СИЛЕРДИ УНУТПАДЫМ”
– И.Арабаев атындагы КМУнун экология факультетинде ЭП-53 группасында (2001-2006-ж.ж.) окуган досторумду издейм. Нурбек, Жаркын, Айнура, Диля, Зарина, Назгүл, Максат, чалгыла, күтөм. Азат. Т.: 0556 16-76-36


“АСКЕРДЕГИ ДОСУМДАН КАБАР ЖОК”
– Мен, Молдобаев Туратбек, 1977-жылы Орусиянын мурунку Горький шаарындагы №61470-бөлүгүндө чогуу кызмат кылган балыкчылык досум Карагулов Кубанды издейм.
Мен аскерден кетип жатканда “Журнал мод” деген жазуусу бар көйнөк кийип узаттың эле. Ошондон бери 33 жыл өттү, көрүшө элекпиз.
Эгерде Кубан досумду тааныган-билгендер болсо, кабарлап коюуларын көптөн-көп суранам.
Молдобаев Туратбек Асанович. Каракол ш.,
Репин көчөсү, №38. Т.: 4-23-57, 7-23-03, 0551 05-03-57


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз,
анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына
кат жазыңыз же кеңсебизге келиңиз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же
телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Titi
2011-08-15 13:31:36
супер инфо мен да бир адамды издеп журот элем кантип ушул рубрикага кат жазсам болот ?
0
jaina
2011-08-15 16:08:06
Titi, koom@super.kg дарегине издеп жаткан адамдын сүрөтүн, эмнеге издеп жатасыз? Бардык маалыматтары, координаттарыңыз менен жазып жөнөтсөңүз же редакцияга келсеңиз болот.
0
MeriKey
2011-08-17 22:34:03
Мен да досумду издеп жаткам.Кантип кошулууга болот?Кошулуу эрежесин айтып коесуздарбы,сураныч!
0
№ 458, 12-18-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан