Жашоодо кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?” деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин “Психологдун кеңеши” рубрикабызга кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу берсеңиз болот.
– Акыркы убакта жүрөгүмдү “боюмда бар, бирок күйөөмдөн эмес. Эми эмне кылам? Аборт жасатсамбы же төрөп алсамбы?” деген суроо өйүп келет. Бул тууралуу жолдошум да, ойношум да, ата-энем да билбейт. Эгер жолдошум билсе, мени өлтүрүп коюудан кайтпайт.
Алмаз мени ала качып үйлөнгөн. Менден бир жаш улуу. Анын ала көөдөн, каардуу жигит экенин угуп калчумун. Ошондуктан “кетем, отурбайм” деп көгөрүп туруп алдым. Артымдан апам келип, “кызым, бир жерге тынып кеткениң туура. Үйдө аракеч агаңдан сөз угуп качанга чейин жүрөсүң? Алмаз сени жактырганынан үйлөндү да” деп отургузуп кеткен эле.
Башында ынтымактуу жашап, жыл айланбай кыздуу болдук. “Эми эч жакка кете албайт” дедиби, билбейм, Алмаз күнүгө ар кандай өнөрлөрүн көрсөтө баштады. Мени басынтып, сөгүп, ал тургай колу да тие турган болду. Анысы аз келгенсип, ойнош да күтө баштады. Күнүгө телефонуна бир эле номерден сүйүү каттары келет. “Бул ким?” деген суроомо “досум менин телефонумдан ушул номерге СМС жөнөткөн болчу” деп кутулат. Такып сураганымда “эмне, мага сот болуп калдыңбы?” деп чырдайт. Экөөбүздүн бир жаздыкка жатпай калганыбызга да көп болду. Ажырашып кетейин дейм, бирок “жалгыз башым батпаган агамдын үйүнө кызым менен батмак белем?” деп ойлонуп, чыдап жашап жүрөм.
Ошондой күн кечирип жүргөнүмдө чыныгы сүйүүгө жолуктум. Кызымды сейил бакка алып барып, аттракциондордо ойнотуп жүргөм. Ошол жерден бир байке менен капысынан таанышып калдым. Ал ошол күнкү жолугушууда эле мени жылуу сөздөрү, аялзатына аяр жасаган мамилеси менен арбап алды. Беш жыл күйөөмдөн күтүп жүргөн мамилени андан таптым. Экөөбүз телефон номерлерибизди алышып, күнүгө сүйлөшүп, кээде ыгын таап жолугушчу да болдук. Жакында эле андан боюмда болуп калганын билип, минтип эмне кылар айламды таппай турам. Анткени анын да үй-бүлөсү бар. Ага боюмда бар экенин айтсамбы же... Мага кеңеш бериңиздерчи, суранам.
Айбарчын, 27 жашта,
Бишкек шаары.
– Айбарчын, cизди ала качып кеткенде апаңыздын ал жигиттин мүнөзүн жакшы билбей туруп отургузуп койгону туура эмес. Бирок апаңызды күнөөлөгөнүңүз болбойт. Ал сиздин турмуштан өз ордуңузду таап кетишиңизди каалаган. Эң биринчи кезекте аялзаты өзүн жакшы көрүп, сыйлай билиши керек. Ошондо гана тегерегиндегилер аны сыйлашат. Сырткы келбетиңизге кам көрүп, өзүңүздү картинадай алып жүрүүгө, күнүгө түрлөнүүгө бүт күчүңүздү жумшаңыз. Психология илиминде «эркекти 30 жашка чыкканча тарбияласа болот» деп айтылат. Андыктан жолдошуңузду амалдуулук, айлакерлик менен тарбиялап алсаңыз болот. Анан да мырзалар айымдар сыяктуу эле жылуу сөзгө, көңүл бурууга муктаж. Бул жагын да эсиңизге алыңыз.
“Ойношумдан боюмда бар. Аборт жасатсамбы же...” деп толук чечим чыгара элек экенсиз. Эгер күйөөңүз менен жашаганга көзүңүз жетпесе, анда ойношуңуз менен ачык сүйлөшүп алып, мүмкүн, чогуу түтүн булатасыздар. Биз, психологдор “боюңдан алдырып сал же төрө” деп кеңеш бере албайбыз. Бул сиздин жеке жашооңуз. Ар бир айым бактылуу болууга тийиш. Ийгилик сизге!
Суроого “Эксклюзив” медико-психологиялык борборунун психологу,
медицина илимдеринин кандитаты
Токсонбаева Тынара
Нурманбетовна жооп берди.