“Жамийла” фильминдеги Сейиттин ролун аткарган НАЗИРЕТ ДУБАШОВ: “ЖАМИЙЛАНЫ КИНОДОН СЫРТКАРЫ ДА КЫЗГАНЧУМУН”

– Назирет байке, “Жамийла” фильминдеги Сейиттин ролу кинодогу алгачкы дебютуңузбу?
– Менин биринчи тартылган кином “Биринчи мугалим” тасмасы болду. Анда Дүйшөндүн жакшы көргөн окуучусу Субандын ролун аткаргам. Мектеп өрттөнүп кеткенде өчүрөм деп жатып өрттөнүп кеткен бала менмин.
– Ага кандайча тартылып калдыңыз?
– Мен анда борбордогу №1 интернаттын 4-классынын окуучусу болчумун. Мектепке кино тартуучу топ келип, бир нече балага кошуп мени да тандап кетишкен.
– Болгону он жашта болсоңуз, мурун-кийин киного тартылып көрбөсөңүз дегендей, тасмада кыйналган жоксузбу?
– Кыйналган деле жокмун. Мага баарынан өрттөнүп кеткенден кийин мени тегеректеп алып аялдар кошок кошкон жери абдан таң калтырган. Эртеден-кечке эле кошок кошо беришкенинен чын эле өлүп калган турбаймынбы деп коркуп кеткем. Көрсө, ал жерин он дубль менен тартышыптыр. Андан бир жыл өтпөй “Бакайдын жайыты” фильмине чакырылдым. Үйгө келип киного тартыларымды ата-энеме айтсам, алар маани деле беришкен жок. Ал эми муну уккан инилерим мени ээрчип ыйлашкан. Алар фотопроба, видеопробадан өтө электигинен ээрчиткен эмесмин. “Бакайдын жайыты” тасмасынын сюжети менин турмушума окшош экен. Өз ата-энем дагы, кинодогу ата-энем дагы малчы. Турмуштагыдай эле кинодо да борбордогу интернаттардын биринде окуйм. Жайкысын каникулда ата-энемдин жанына барып эс алам. Жыл бою алардан алыста жүргөндөнбү, эрте күндө өз алдынчалыкка көнүп калган, тентек бала элем. Мындай мүнөзүм камерадан коркпой, адамдардан уялбай режиссёрдун айтканындай ойноого жардам берсе керек.
– Бул фильм сиздин эсиңизде эмнеси менен калды?
– Роль жараткан ар бир кином менин жан дүйнөмдө дайыма жашап келет. “Бакайдын жайытында” атам ооруп калып мен түнкүсүн жылкы кайтарып чыкканым азыркыга чейин көз алдымда. Тоо башында жылкы кайтарып жүрүп уктап калам. Түшүмдө асмандагы ай жарылып, жарымы мага келет. Ошондо коркконумдан алды-артымды карабай айылга чуркайм. Айлананы жаркыратып жарым айдын мага келатканын режиссёр машинанын дөңгөлөктөрүнүн ичине чүпүрөк салып өрттөп, тоодон ылдый коё берип тарткан. Ошондо дөңгөлөктөрдөн 100 метр алдыда чуркап барып, казылган окопко кирип жашынып калам. Алоолонуп күйгөн дөңгөлөктөр окоптун үстүнөн тоголонгон боюнча өтүп кетишет. Бала болсом да ошондо согуштун каары жаман экенин сезгем.
– Эми кепти “Жамийла” тасмасына буралы...
– Мен анда №1ден №13 интернатка которулуп, 8-класста окуп жаткам. Мектепке келген кино тартуучуларга мугалимдер дароо эле “бул бала киного тартылып жүрөт” деп мени көргөзүштү. Сейиттин ролу үчүн кинопробадан мени менен кошо бир өзбек бала өттү. Режиссёрго тиги бала деле, мен деле кара көз, кара каштуу көрүндүк окшойт. Кино тартуучулардын үстүнөн “көркөм кеңеш” деген атайын топ карачу. Анын башында Чыңгыз Айтматов өзү турган. Өзбек бала экөөбүздү көргөн Айтматов дароо эле “Сейитти мына бул бала ойнойт” деп мени көргөздү. “Жамийла” тасмасы көбүн­чө Кажы-Сайда, анан ошол жактагы Туура-Суу айылында тартылды.
– Сейиттин ролу мурунку рол­до­ру­ңузга караганда жоопкерчилиги көбүрөөк сыяктуу...
– Согуш убагында жумушчу күчү аз болгондуктан, кырманда, талаада негизинен кыз-келиндер иштешкен эмеспи. Жамийланы талаа жумуштарына жибергиси келбеген кайненеси кыйылып жатып кайниси Сейитти кошуп берет. Жеңемдин ишине жардам берүү менен кошо аны башка эркектерден кайтаруу менин мойнумда эле. Жаш болгонума карабай, Жамийланын ролун аткарган Наталья Аринбасарованы кинодон сырткары да көп кызганчумун.
– Жамийла Данияр менен жетелешип, талааны аралап биротоло кеткенде Сейиттин жер кучактап бакырып ыйлаган жери бар. Ошондо чындап ыйладыңыз беле?
– Кино тартуучулар талаага бир нече камераны орнотушуп, анан жарык беришти. Мага “сен азыр Жамийланын кетип баратканын көрүп бакырып ыйлашың керек. Кандай ой­ноо­руңду элестетип даярдан, даяр болгондо бизге кыйкыр” дешип ары басып кетишти. Арадан бир сааттай өткөндө “кыйкырсам чочутуп аламбы” деп режиссёрго колумду көтөрдүм. Мен кинодо эмес, турмушумда Жамийла жеңемден айрылганымды элестетип бакырып ыйлап, артынан чуркадым. Операторлор менин артыман чуркап тартып жүрүштү.
– Бул ролуңуз үчүн канча гонорар алдыңыз эле, эсиңизде барбы?
– 4000 рубль алгам. Анда малчылардын айлыгы өтө эле аз болчу. Ата-энеме алып келип берсем катуу сүйүнүшкөн. Андан сырткары, ар бир күнгө 2 сом 60 тыйындан төлөп беришчү. Мен анын жарымын эле коротуп, жарымын кийим сактоочу жайда иштеген орус кемпирге алып барып берем. Ал акчаларымды чогултуп, кино тартылып бүткөндө берген. Ал эми “Бакайдын жайытындагы” Калыктын ролу үчүн алган гонорарыма ата-энем үйгө шифоньер алышкан. Ал азыр да үйдө турат.
– Жогорудагылар­дан сырткары да баш­­ка фильмде роль жа­раттыңыз беле?
– “Күүнүн сыры” фильминде башкы ролду ойногонум менен ал финансылык жактан аксап, жарыкка чыкпай калды. Андан сырткары “Уркуя” тасмасында тоодон суу жыгып келгени барып басмачылардын колунан тоодон учуп өлгөн Мырзанын ролун аткаргам.
– Актёрлукту кесип кылып, улантып кетүүгө аракет кылган жоксузбу?
– Мектепти бүт­көндөн кийин эки жыл аскерде болдум. Аскерден келип эле Гүлсанага үйлөндүм. Экөөбүз интернатта чогуу окуган классташтарбыз. Аскерден келип актёрлук боюнча билим алууну көздөп Ленинграддагы театр жана кино институтуна тапшыргам. Окуй баштаганда атам, ага удаа кайнатам бул дүйнөдөн өтүп кетти. Аңгыча эки баланын атасы болдум. Ошентип, окуумду аягына чыгара албай калдым.
– Ошентсе да, жүрөгүңүз чыгармачылыктан алыстабаса керек...
– Кичинемден киного тартылып калган үчүнбү, бой жеткени деле актёр болуу оюман кайткан жокмун. Окуумду бүтө албай калгандан кийин “Кыргызтелефильмде” иштеп жүргөн раматылык Дооронбек Садырбаевдин ассистенти, андан кийин администраторлук милдетти аткардым.
– Гүлсана эженин кесиби да чыгармачылыкка жакынбы?
– Ал Фрунзедеги театралдык студияны бүтүргөн. Бирок, өмүр бою эле ар кандай ишканаларда иштеп жүрдү. Азыр экөөбүз тең мал менен короо-жайды карап үйдөбүз.
– Балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз...
– Беш балам, беш неберем бар. Балдарымдын үчөө үй-жай күтүшкөн. Жакында эле уулум кыздуу болду. Кемпирим экөөбүз кайсы атты коёбуз деп укмуш ысымдарды ойлоп таап жатканбыз. Келин-уулум “уулду болсок Сейит, кыздуу болсок Жамийла коёбуз” деп өздөрүнчө сүйлөшүп алышыптыр. Алардын идеясы кемпирим экөөбүзгө тең жакты. Ошентип неберемдин атын Жамийла деп койдук.
– Балдарыңыздын ичинен сиз аягына чыкпай калган актёрлукту жолдогондору барбы?
– Бешөө тең, неберелериме чейин баары музыкага жакын. Бирок, эч кимиси “актёр болом” деп театр, киного ыкташкан жок.
– Азыр киного тартылууга чакырса барат белеңиз?
– Кинорежиссёр Бакыт Карагулов: “Жакында кино тартканы жатам. Сизге бир роль ылайыкташтырып койдум”, - деп телефон чалган. Мен албетте, сүйүнүп макул болдум.
Назирет байкенин актёрлук гана өнөрү болбостон, мукам үнү да бар экенине күбө болдук. Байбичеси Гүлсана эженин “ырдап бербейсиңби” деген сунушу менен Ильяздын ырын созуп берди. Назирет байкенин ишине ийгилик, ден соолук каалап кош айтыштык.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ariz0112
2020-06-12 11:21:20
Чыныгы таланттын ээси. Ишинизге ийгилик.
0
№ 310, 10-17-октябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан