ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Билинбегени менен Аиданын жүрөгү өтө кумарлуу болчу. Сулуу, менменсинген жүздүн артында байкуш, алсыз, эч кимге кереги жок, бактысыз аял жатканын эч кимиси билчү эмес. Бул Аиданын жеке бактысыздыгы эле.
Бегимай чочуп ойгонду. Түшүндө диско-клубдан көргөн көз караш кууп, ээрчип жүргөн экен. Жанында эч ким жок. Алыстан гана Аскаттын карааны көрүнүп жатты. Колундагы чөнтөк телефонун көрсөтүп, бир нерсе дегиси келгенсийт. Аны түшүнүп- түшүнбөй жүткүнө бергенче Аскаттын карааны алыстай берип, жоголуп кетти. “Аскат!” деп катуу кыйкырып алып ойгонуп кеткен ал төшөгүнүн үстүндө отура калды. Колундагы чөнтөк телефонун тиктеди. Эмне деп айтты? Каза болгондон бери биринчи жолу түшүнө кириши. Телефонун көпкө тиктеп отуруп, мурун Аскаттан келген СМСтерди окуп баштады. Бардыгы болуп 350 СМС жазган экен. Ар биринде өзүнчө окуя, кубаныч, сүйүнүч, кызганыч бар болчу.
Жаны, эгерде кокус чогуу болбой калсак... Минтип ойлоштун өзү абсурд. Бирок ошондой болуп калса, ыйлаба. Мен сени билем, көпкө кыйналасың. Кыйналба, жаны, мен дайым сени менен болом. Жашаганга аракет кыл!” деп жазган экен биринде. Ал эми дагы биринде “Бүгүн мен сага барам. Бирок сага жолуга албайм, сенин кантип уктап жатканыңды тиктеп туруп, саамайыңдан сылай албай кайтып кетем. Ушул түш мага көп кирет. Чогуу болбой калабызбы деп корком. Эгерде бир нерсе болсо, сен жашаганга аракет кыл. Мен үчүн, макулбу?
Ушул сыяктуу билдирүүлөр көп экен. Андан аркысын окуй алган жок. Жаңы чыгып келе жаткан күндүн шооласы бөлмөсүнө нурун чачып баштаган.
– Аскат, мен аракет кылам. Сен үчүн, сенсиз жашоого аракет кылам,- деген ал көз жашын сүртө күбүрөп алды.
Ошол күнү Бегимай жаңы жашоо баштоону чечти. Эртең менен туруп, чай ичип отурган ата-энесинин үстүнө жаркылдап кирди.
– Ата, апа, мен окуумду улантууну чечтим.
– Чынбы? Менин кызым ушундай эле акылдуу дейм да. Атасын тарткан да,- деди атасы кубана.
– Ооба, балдарыңдын жакшы жагы болсо эле сени тарткан, жаман жагы болсо “сенин тарбияң” деп мага оодарып жатып каласың,- деди апасы тамашалай.
– Чын да. Кызы, бүгүн анда агайың менен сүйлөшүп баштайын, ээ?
Бирине-бири кубана тигилген ата-эне сүйүнүп калышты. Инисин эркелете чачынан сылап алып, Бегимай сыртка жөнөдү.
– Эй, кайда сен?
– Алина экөөбүз бүгүн магазиндерди кыдыралы дегенбиз.
– Макул, кызым.
Алинага жолукканы бара жаткан Бегимай Аскаттын досу Нурбекке капысынан жолугуп калды. Көптөн бери көрүшө элек эле.
– Эй, сен эмне мынча арыктап?..- деди Бегимай анын азыңкы жүзүн таң кала тиктеп.
– Мени айтып коёт, өзүңдүн кебетең деле меникинен ашык эмес экен го,- деди муңайган Нурбек.
Экөө жайланышып сүйлөшө башташты. Канчалык качса да болбой, кайрадан эле Аскатка такалып калышты.
– Асик... Өзүң билесиң, ал менин бир тууганымдай эле болчу. Кандайча андай болуп кетти, билбейм. Аза да күнөөсүз эле жерден кетип калды. Ошолорду көп ойлойм. Балдардын андан кийин ынтымагы бузулду. Азыр Аскат бардагыдай бирдиктүү эмеспиз. Анын үстүнө бизге үстөмдүк кылгандар да көбөйдү.
– Кимдер алар?
– Малик деген тууралуу уктуң беле? Аскатка аябай тирешип жүрчү.
– Анан?
– Азыр бизге кыйын болуп алды. Биздин балдар машыккан спорт залды өзүмдүк кылып алды. Чоң баш десе... Анын Аскатка мурунтан эле өчү бар болчу. Акыркы жолу биз барган пансионатка ал да балдары менен барып алыптыр. Анда да бир аз кыжыңдаша кеткенбиз,- деди Нурбек кыжына.
Бегимай бул ысымды кайдан укканын эстей албай жатты. Эстегенде көзү караңгылай түштү. Туура, Аскат Малик тууралуу бир жолу айткан. Ал тургай аны менен мушташканын да айтып берген. “Чырыңар эмне?” деп сураганда “кыз да, баягы эле. Башка эмне болмок эле?! Ал чоң баштын сенде көңүлү бар окшойт” деп күлүп койгон.
– Роза! Букет! Демек, ал Маликтен экен да,- деди күбүрөй.
Нурбек анын өңү өзгөрүп кеткенин байкап, таң кала түштү.
– Сен да аны таанычу белең?
– Жок, таанычу эмесмин. Бирок таанышууга туура келип калды. Нурбек, мен ал адамды таап, сүйлөшүшүм керек,- деди Бегимай ойлуу.
– Сенби? Малик мененби? Экөөңдүн ортоңордо кандай иш болушу мүмкүн?
Нурбектин таң калуусунда чек жок эле. Бирок Бегимайдын көжөлүп туруп алганы үчүн, жана анын мүнөзүн жакшы билген үчүн аргасыз макул болуп кош айтышты. Бегимай анын аркасынан ойлуу тиктеп кала берди. “Ошол күнү, ошол жээкте Малик бар болсо... Табышмактуу окуянын жандырмагы ушул болуп жүрбөсүн! Хм, сөзсүз Маликке жолугуу керек” деп чечти.
Ошол эле күнү телефонуна СМС келди. “Сен мени менен жолугууну каалаган экенсиң. Бул күндү мен көп күткөн элем. Эртең жолугалы. Малик” деген кыска билдирүүнү окуду. Кечке сыртта жүрүп, үйүнө кечинде чарчап келди.
Алдынан чыккан апасы менен атасы негедир ага табышмактуу тигиле, жылмайып калгандарын байкады.
– Эмне болду силерге?
– Бөлмөңө кирип көрсөң, өзүң түшүнөсүң!- деди апасы жылмайып.
Мына кызык тамаша! Бөлмөсүнүн ичине роза букеттер толуп кетиптир. Кимден экенин дароо билди. Иренжигени ушунчалык, кускусу келип чыкты. Шарт бир кучак розаны алды да балкондон ыргытып жиберди.
– Мына сага! Мына! Мага Аскаттан башка адам гүл бергенге акысы жок,- деп кыйкырып алды.
Өзүнө келсе, апасы аны тиктеп турган экен. Ал көпкө тиктеп турду да башын чайкап, ары бурулду. Кызынын абалын түшүндү окшойт. Бир аздан кийин Бегимайдын бөлмөсүнө кичине иниси баш бакты.
– Бема эже, кечирип коюңуз. Биздин даректи мен айткам,- деди ал эжесине.
– Демек, сен аларды көргөн экенсиң да. Кимдер экен алар? Сага эмне дешти?
– Биздин квартираны сурашты. Момундай чоң байкелер экен. Машинадан гүлдөрдү алып чыгып, апамдан уруксат сурашып, сизге экенин айтышты да кете беришти. Апам экөөбүз, балким, сенин көңүлүң ачылабы деп ойлогонбуз. А сен, тескерисинче... Айтчы, Бема эже, сен эми такыр мурункудай болбойсуңбу? Мени менен ойнобойсуңбу эмне?
Инисин эркелете бооруна кыскан кыз аргасыз күлдү.
Бегимай Малик менен болжошкон жерден жолукту. Келбети эле кишинин жүрөгүн түшүрчүдөй экен. Бегимай узун бойлуулардын катарына кошулганына карабай, анын жанында кичине болуп калат экен. Боюна жараша денеси да олбурлуу. “Сумого катыша турган балбандардай эле бар экен” деп ойлоп турду Бегимай ичинен.
– Салам!- корулдаган жоон үндүү Малик күрөктөй колун Бегимайга суна берди.
– Саламатсыз...- деди аста унчуккан кыз.
Экөө столго келип тамак заказ кылып, бир аз сүйлөшүп отурушту. Бегимайдан сүрдөгөнүбү же өзү эле көп сүйлөбөйбү, Малик көп үн каткан жок. Акыры кыз өзү кеп баштаганга аргасыз болду.
– Кулак сизде!
– Сен өзүң жолуккуң келген экен го?
– Мени диско-клубдан оңой эле таанып койдуңуз. Кайдан билесиз?
Малик желкесин кашып көпкө ойлонуп калды.
– Мен сени көптөн бери эле сыртыңдан тааныйм. Бир жолу, балким, кезиксек дагы керек.
– Менин эсимде жок.
– Кайдан эстемексиң? Ал кезде Аскаттан башка эч кимди көрчү эмессиң.
– Азыр башкача болуп калды деп ойлосоңуз, жаңылышасыз,- деди Бегимай ызалуу.
Малик Бегимайды кыжалат боло тиктеп койду.
– Мен... Бир жагдайды эске салгым келет. Июль айларынын бири. Көл жээги... Роза! Букет роза берип жиберген экенсиз. Эсиңизде барбы?
– Ооба, эсимде. Сенин туулган күнүң экенин билип...

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Aidanek
2011-08-15 10:47:40
Мына кызык башталды............
0
Evelet
2011-08-15 12:17:50
eee moe, i4im kodun sorposundai kainai bawtady elki
0
Nevajno
2011-08-15 16:45:01
сыртынан тааныган кыз учун кырчындай болгон бир омурду соолутуп....
0
JDK
2011-08-15 17:13:37
Сонун жакшы болот го
0
aku
2011-08-15 22:36:09
smsteri ukmush go okup oturup korkup da kettim blin.ozuncho ele mistika.
0
Peri12
2011-08-16 14:52:10
Ой! Аягы кадайча бутот экен? Кызыгы эми башталат экенда...
0
Arstan
2011-08-19 03:43:38
Ичим бышып кетти...
0
Dika
2011-08-20 12:31:03
Эн кызыктуу жеринен токтотуп койупсуздар. Озунчо эле сериал экен...
0
samaraaa
2011-08-20 18:08:06
жаль что это не кино а просто книго млина))))))
0
zari91
2011-08-22 09:41:05
Супер инфо кийинки санында уландысы жокко же мен таппай жатамбы?
0
№ 458, 12-18-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан