«КИНДЕР-СЮРПРИЗ» ТУУРАЛУУ

  • “Киндер-сюрприз” шоколадын Италиянын “Ферреро” ишканасы 1972-жылдан бери чыгарып келет.
  • Шоколаддын салмагы – 35 грамм.
  • Жылына 1 миллиарддан ашык шоколад-жумуртка сатылат.
  • АКШда “Киндердин” ичине жей турган азык салынбагандыгы үчүн сатууга тыюу салышкан.
  • Шоколаддын ичине салынган оюнчуктар 100 түрдүү. Алар темир, желим жана жыгачтан жасалат.
  • Жумуртканын ичинен чыккан оюнчуктарды кызыгуу менен чогулткандар да бар. Мисалы, 2007-жылы Америкадагы «еBay» интернет-аукционунда 90 миң оюнчуктан турган топтом 30 миң еврого (1 миллион 900 миң сом) сатылган.


ТАП, ТАП, ТАБЫШМАК

Өзү таттуу, мупмуздак,
Бирок аны ичпейсиң.
Алып берсе идишин,
Катыратып бүт жейсиң.

Кулагы бар, башы жок,
Курсагы бар, чачы жок.

Түркүн түстүү ыраңы,
Гүлдөн гүлгө конушат.
Балдар кармап ойношот,
Бардык жерде болушат.

Кара, бирок карга эмес,
Мүйүздүү, бирок бука эмес.


Келгиле, ойнойбуз

СЫЙКЫРЧЫ ЖАНА БАЛДАР
Бул оюнга 4-5 же андан көп бала катышат. Алгач бирөөсү сыйкырчы болуп шайланат да, калгандары качып, сыйкырчы аларды кубалайт. Кимди жетип кармаса, ошол бала эки бутунун ортосун чоң ачып, бир орунда «катып калуусу» зарыл. Качан гана башка бала чуркап келип эки бутунун ортосунан эңкейип өтүп кеткенде кайра оюнга кошулат. Сыйкырчынын милдети – бардык оюнчуларды ордунда «катыруу». Ошентип, оюн улана берет.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Dollar
2011-08-16 00:13:40
kichinemde ayabay jakchu Kinder. ehh altyn balaligim.
0
№ 458, 12-18-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан