“Бүгүн күнгө жума. Баары Жараткандын колунда! Адаттагыдай эле күндөлүк жазып баштадым” деп ырчы, актриса Гүлнур Асанова жан дүйнө жаңырыгын минтип баяндайт.
“УШАК-АЙЫҢДЫН АРАСЫНДА КАЛДЫМ”
– Ушак-айыңдын арасында калдым, айрыкча быйыл. Баарынан да жаныңда жүргөндөрдөн чыккан сөз жаман турбайбы. Мурда пейилди кең коюп, бардыгын өзүмө жакын көрүп жүрүпмүн. Бара-бара кылдат мамиле жасаганга үйрөндүм. Ишеничтүү адамдарга гана жан дүйнөмдү ачам. Акыркы убакта өзүнчө эле ушактын модасына айлангандаймын. Болгондо да бир чоң кишиге байланыштырышып, “жакын мамиледе” деген сөздөр жанымды кашайтты. Буюрса, ал сөздөрдөн да өттүм, жүрөгүм кыйналган убак кетти. Мен эмнеге теригишим керек экен, болбогон сөзгө?! Азыр жаңы ушак чыгышы ыктымал, ага деле даярмын. Эгерде мен тууралуу бирөө сөз чыгарса, анда мен анын жан дүйнөсүн тынч койбой жаткан турбайымбы деген тыянакка келдим. Жакындарым жанымда болду, мындай учурда. Мен алардын алдында актанбайм дагы, анткени алар билишет, менин кандай адам экенимди. Баарына убакыт дары, жаман сөздөн мыйыгымдан күлүп кутулуудамын. Дос-душманга барып эмне кылам, «мени минтиптир» деп көз жаш да төккөн жокмун. Өзүм менен өзүм сүйлөшүп, өзүмдү өзүм соороттум.
Мен качан ыйлайм? Бук толгондо. Жан дүйнөмдө трагедия болуп жатса, аны кагазга түшүрүп, жеңилдеп кутулуп кетем. Комуз ойноп көңүлүмдү көтөрөм. Ыйдан алыс болоюн дегеним менен, ак-кара бирге жүрөт экен. Ушакты угарым менен көз жашым төгүлчү, ызама чыдабай буулугуп, көкүрөктү ый каптап... Эми андайды токтоттум, «мен кербенмин өз жолумда бараткан, а ит үрө берсин, каалашынча» деп.
“ЭКӨӨ ЭМЕС, ЖАЛГЫЗ БИРӨӨ БАР...”
Эч бир жанга айтпас сырымды,
Эми айтам жүрөк ырымды.
Экөө эмес, жалгыз бирөө бар,
Арнайм ага арзуу ырымды...
– Бул ырды мен алгач ирет махабатка кабылганда жазгам. Сүйүү болбосо, Кудай урбадыбы, анда жашоонун кызыгы жок го дейм. Орусча айтканда, мен “однолюбмун”. Бирөө менен сүйлөшсөм, узакка мамиле курам. Махабат баарынын эле башынан өтөт да. Эң алгачкы арзуумду эч сызып таштай албайм. Орозо күнүндө чынын айтайын, далай адамдар мага арзуусун айтышкан. Арасында чыгармачыл инсандар, саясат чөйрөсүндөгүлөр да бар. Ар бири өздөрүнө жараша жооп алышкан. Азыр арзышкан адамым жок.
“БООРУКЕРЛИГИМДИ ПАЙДАЛАНЫП КЕТИШЕТ”
– Кирпиктин алдындагы катылган чындык ыйлабасын деп күрөшөм, ошон үчүн мен бетке айтам. Жан дүйнөм тарып, тыбырчылап калган убак да дал ушул кара санап айтылган жалган сөздөн улам. Ашыкча эле боорукерлик мүнөз бар, менде. Ошол боорукерлигимдин айынан өзүм, жалгыз өзүм жапа чегет экем. Боорукерлигимди пайдаланып кетишет. Кинодо ыйлаак, алсыз кыздын образын жаратышым мүмкүн, бирок жашоодо мен андай эмесмин. Шайырмын, анан бат жиним келет. Ачуум келип турган убакта айтылчу сөздөр аңдабай эле айтылып кетет. Кайра айткан сөзүмдү анализдеп, анан токтотом өзүмдү. Өзүмө жакпаган сапатым бар. Катуу таарынган адамга оңой менен жибий бербейм. Бир адам менен 3 жылдан бери сүйлөшпөй келем. Көңүлүмдү катуу ооруткан. Кээ бирлер үчүн таарыныч жөн салды туюлушу мүмкүн. Бирок мен көңүлүмдү катуу ооруткан адамды бүгүн кечирип коё албайм. Исламда үч саат же үч күн эле таарыныш керек экен. А мен үч жыл...
“КОМУЗУМ МЕНИ БАГАТ”
– Ырга аралашканыма бир эле жыл болду. Ырда жашап, салттуу музыка менен өзүмдү багып келатам. Комузум мени багат, каржылайт. Чынында, комузду далай ирет жеригем. Комузду көрсөм жиним келип, көздөн алыс койгонго аракет кылчумун. “Ой, ушуну көрбөйүнчү” деп төшөк менен жаба салып жадачумун, себеби комузду үйрөнө албай жүргөн кезим болчу. Азыр эми комузду бапестейм. Устатым деп Роза эжени эсептейм. Азыркы учурда Улукмырза Полотов устатым. Устаттарга бай болгон жакшы экен. Биринен ала албаганымды экинчисинен алам дегендей.
“КИНОНУ КӨРҮП, БИР КЫЗ ӨМҮРҮН КЫЙЫПТЫР”
– Алты жашымда “Карагул ботом” тасмасында Карагулдун ролун ойнодум. Эми ал кезде бала болсом да, элес-булас кино тартылган убак эсимде. Териден жасалган кийимдерди кийип, эркектин ролунда жүргөнүмдү деле аңдабасам керек, ошол учурда. Бирок жаа тийгенде “ата-а” деп жыгылганымды “бир эле дубль менен чыгып кеткенсиң” деп айтышат. Киного тартылардан мурда мен образымды элестетип, анда жашап алам. Антпесем кире албайм. 5-классымда “Күзгү жалбырак” деген тасмага тартылдым. “Күзгү жалбырак” – чыныгы жашоодон алынган фильм. Турмушта көп, ичип кеткен, таштап кеткендер. Ошол тасманын таасиринен көпчүлүк жакшы жолго түшкөндүр деп ойлойм. Ошол эле учурда кайгылуу жагы да бар. Кинону көргөндөн кийин Ош тараптан бир кыз өз өмүрүн кыйып салган экен. “Менин жашоом Алтынайдын турмушуна окшош” деп. Албетте, өкүнүчтүү, бирок “ошол кыздын атасы ичкенин таштаптыр” деген кат келген эле бизге. Чынында, кино элди тарбиялаптыр, эл менен кошо мени да. Кино токтоолукка үйрөттү. Кинодон кандай образ жаратсам, мен ошол бойдон калып калдым. Өзгөрө да албайм. Түнт, ойлонуп калган кез болот.
“ТИЗЕДЕН ЖОГОРУ КИЙИМ КИЙБЕЙМ”
– Чачымды 7-класстан бери өстүрөм. Салттуу музыкада окугандыктанбы, улуттук кийимдерге жакынмын. Тизеден жогору кийим кийип, кыска юбка, жабышкан шымдарга көңүлүм чаппайт, кийбейм дагы. Айтсам, ишенишпесе керек, борбордо жүргөнүмө 5 жыл болду, бир да жолу түнкү клубдарга барбапмын, кызыкпаган да экенмин. Тике караган көз карашым айрым эркектерди таймантып жиберет окшойт. Көпчүлүк айтышат, “көзүңдө бир нерсе бар” деп.
Бурул Исмаилова
star@super.kg