5-6-августта Польшанын Радом шаарында 30 өлкөдөн келген 150 балбандын катышуусундагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште Арсен Эралиев алтын, Канат Бегалиев күмүш тагынды.
Таиландда өткөн грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинде жигиттерибиз 9 медаль утуп (3 алтын, 3 күмүш, 3 коло), 15 өлкөнүн ичинен 1-орунду ээлешти. Ал эми 3 медаль уткан (1 күмүш, 2 коло) кыздарыбыз 9 өлкөдөн 7-болушту.
7-августта Ысык-Көлдө аяктаган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеште эркектер арасында Бишкек курама командасы чемпион болду. Кыз-келиндер арасында чемпиондук казак кыздарына буюрду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.