Жакында америкалык профессионал боксчу Дэррил Каннингем: “Мага 1,5 миллион доллар төлөнсө, чоң апамды өзүм менен бокстошууга көндүрөм”,- деди. Негизи, мушкер Дүйнөнүн экс-чемпиону Келли Павлик менен беттешмек. Бирок Келли сунушталган акчаны аз деп Дэррилден баш тарткан.