8-18-декабрда Японияда футбол боюнча ар континенттин чемпиондорунун арасында клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу болот. Латын Америкасынын чемпиону – бразилиялык «Сантос» клубунун жетекчилиги «бул мелдеш үчүн Пелеге эшик ачык» деди.
Жакында футбол падышасы өзүн учурдун №1-футболчусу Месси менен салыштыргандарга: “Месси кыйын болсо, менчилеп 1000 гол киргизсин”,- деген. Эл муну “Пеле алжып калыптыр” деп кабыл алган. Эми Мессиге атаандашып, 71ге чыкканда «ойнойм» деп чыкпаса болду. Анткени бул мелдешке Европа чемпиону катары (УЕФАнын ЧЛсынын жеңүүчүсү) Месси ойногон “Барселона” да катышат.