Лейла Али – “Форбс” басылмасы “20-кылымдын мыкты спортчусу” деп тапкан америкалык мушкер Мухаммед Алинин кызы. Азырынча Али тукумунан чыккан алгачкы жана акыркы мушкер айым. Ошол каарманыбыз үчүн аянтчаны бошотолу...
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Каймана аты – Лай Лай.
Туулган жылы – 1977-жыл, 30-декабрь.
Туулган жери – Майами, Флорида штаты, АКШ.
Бою – 179 сантиметр, салмагы – 72 килограмм.
Жетишкендиктери – Профессионалдар арасында жарым орто салмакта IBA, WIBA, IWBF, WBC версиялары боюнча Дүйнө чемпиондуктарын жеңип алган. Профессионалдык рингге 24 ирет чыгып, баарында жеңишке жетишкен (21 нокаут).
Үй-бүлөлүү. 3 уул, 2 кыздын энеси.
Учурда Флорида штатында жашайт.
АДЕГЕНДЕ АТАСЫ КАРШЫ ЧЫККАН
Лейла – легендарлуу бокс падышасы Мухаммед Али менен анын 3-никеси, модель Вероника Поршенин кызы. Хана аттуу эжеси бар. Алинин калган никесинен 2 агасы жана 5 эжеси бар.
Лейла жаштайынан бокско жакын өскөн. 15 жашында карьера баштап, чоң бокско аттануу тилегин атасына угузат. “Атам мени профессионал мушкер болот деп күтпөптүр. Уруксат да берген жок”,- дейт бул тууралуу мушкер айым. Кыязы, ошол учурда чоң бокстон жабыркап, шал оорусуна кабылган бокс падышасы кызына мындай тагдырды каалабаса керек. Лейла айласыздан бизнес жаатында алган билими боюнча Калифорнияда соода түйүнүндө иштей баштайт.
ЧЕМПИОНДОН ЧЕМПИОН ТӨРӨЛӨТ!
Профессионал мушкер болуу тилеги кызга тынчтык бербей, акыры атасын көндүрөт. Ошентип, 1999-жылы 8-декабрда Эйприл Фаулерди нокаутка учуратып, профессионалдык ринг босогосун аттайт. Бул таскагы менен ал карьерасынын аягына чейин атаандаштарына тизе бүккөн жок. “Али кайра жаралды!” деген колдоого арзыган таланттуу кыз муштуму менен бат эле ийгиликке жетет. 2002-жылы Сюзетт Тэйлорду утуп, IBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону болот. Ошол жылдын күз айларында Вэлери Махмудга каршы беттеште чемпиондук наамын сактап, ага WIBA, IWBF версиялары боюнча чемпиондук наамдарды кошуп алат. 2005-жылы WBC версиясында чемпион болуп, атасынын кызы бокс боюнча өз салмагында дээрлик бардык версиялардын чемпиондук курларын чогултат.
ООР ЖЕҢИШТЕР ЖАНА ЖЫЛДЫЗДАР ЧЫЧАЛАГАНДА...
WIBA жана IWBF`тин чемпиондук курларынан ажыраган Вэлери Махфуд жөн жатпай реваншка чакырат. Таймаш 2003-жылы болуп, 6 раунддан соң калыстар жеңишти Лейлага ыйгарышат. Вэлери «оңой жоо эмесмин» дегендей Лейланын мурдун сындырып, эстелик катары так калтырат.
Айтылуу Жо Фрезердин кызы Жэкки Фрезер-Лайд менен кармашы да оор болгон. Алар 2001-жылы кез келип, беттеш Мухаммед Али менен Жо Фрезердин 3 жолку беттешинин уландысы катары Али-Фрезер IV деп аталган. 8 раунддун жыйынтыгында упай айырмачылыгы менен Али жеңет. Кызыгы, кызын колдоого Жо Фрезер келип, Мухаммед Али келген эмес.
Лейла профессионалдык рингге 24 ирет чыгып, баарында жеңишке жетишкен (21 нокаут, үчөөнү упай менен). Бокс жылдыздары Энн Вулф (24 жеңиш, 1 жеңилүү), Вонда Вард (23-1), Наталья Рагозина (21-0) анын бул көрсөткүчүнө чычалашат. Анткени алардын чакырыгын Лейла жоопсуз калтырып келет. Алар “Лейла эч ким эмес”, “Ал суу жүрөк” сыяктуу кептерди таратып жүрүшөт.
МЕНЕДЖЕРИ ЖОЛДОШУНА АЙЛАНГАН
Лейла атасы сыяктуу эле ислам динин тутунат. Эки ирет нике шакегин тагынган. 2002-жылы анын жазуучу Дэвид Риц менен биргеликте жазган китеби жарык көргөн. Анда мушкер айымдын өткөн күндөрү камтылган.
Биринчи никеси – Лейланын карьерасын түптөгөн Жонни МакКейн. Түгөйлөр алгач эгиз эркек балалуу болушуп, ысымдарын Кэлтон жана Кэмерон деп коюшкан. Андан кийинки кызын Лейлани деп аташкан. Жаштардын мамилеси 2005-жылы чегине жетип, ажырашып кетишет жана муну менен катар кызматташуусу да токтойт.
2007-жылы НФЛдин (Америка футболу боюнча улуттук лига) экс-оюнчусу Кертис Конвэй менен баш кошуп, өзүн толук бойдон үй-бүлөгө арноо үчүн бокско чекит коёт. Бүгүнкү күндө алардын Кертис аттуу уулу, Сидней деген кызы бар. Кызы Сидней үстүбүздөгү жылдын апрель айында жарыкка келди.
ТЕЛЕВИДЕНИЕНИ КЫЙГАП ӨТПӨДҮ
Лейла телевидениеде да эмгектенген. Ал 2007-жылы “Жылдыздар менен бийлөө” долбоорунун (америкалык версиясы) 4-сезонуна катышып, 3-орунга арзыган. Анын өнөгү профессионал бийчи Максим Чмерковский болгон.
1 жылдан соң аны күйөрмандары “American Gladiator’s” телешоусунда жана CBS каналынын “Таңкы шоу” телеберүүсүндө алып баруучулук кызматта да көрүшкөн.
Косметикалык компаниялардын жарнамаларына тартылып да каражат табат.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg