Эл ырчыларды концерт коюп, акчага марыйт деп ойлойт. Чындыгында, андай эмес. Азыркы ырчы, шоу дүйнө өкүлдөрүнүн негизги киреше булагын той-топур, үгүт кербендери жана корпоративдик кечелер түзөт. Көпчүлүк ырчыларда тойлордон тышкары киреше булактары бар.
ГҮЛШАЙЫР САДЫБАКАСОВА
“Кыз-Бурактын” Умай энеси Гүлшайыр Садыбакасованын байлыгын саноодо машиналарынан баштасак. Короосунда бир Mерседес 220 жана Лексус RX300 үлгүсүндөгү тулпарлар, мындан сырткары топтун кыздарын ташууга арналган 2 машина бар.
Ал кааласа Бишкектеги 2 кабаттуу заңгыраган үйүндө, тажап кетсе Оштогу ушундай эле кирсе чыккыс болуп салынган, азыркылардын тили менен айтканда, особнягына кетип калат. Жайкы аптапта Ысык-Көлдөгү 50 чакты адам бата турган коттеджине барып эс алат. Ушул жерден кыстыра кетчү нерсе, эженин айтымына караганда, Атабеков баштаган ырчылар барып бекер эле эс алып турушат экен. Албетте, жогоруда айтылган мүлктөрдү топтоо үчүн майда-чүйдө бизнес да керек эмеспи. Бул жаатында Гүлшайыр эженин “Ош базарда” 2 контейнери, Ош шаарында азык-түлүк сатуучу 2 дүкөнү (1991-92-жылдары аукциондон сатып алган) жана машина токтотуучу жайы жакшы киреше берип турат.
“Кыргыз бай эмес, короодо малы болбосо” дегендей, Гүлшайыр эженин короосунда да коргол кургабайт. 10дон ашуун жылкы, 10 уй, кой-эчкиси менен 50дөн ашык майда жандыгы бар.
МЕЛИС АБДРАШИТОВ
Ырчы катары анча белгилүү болбогону менен, Мелис Абдрашитов шоу дүйнөнүн байларынын катарында. Мелистин Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда эки кабат үйү бар экенин билебиз. Эми Көк-Жар кичирайонуна заманбап стилде салып жаткан үйүнүн курулуш иштери ортолоп калганын айтты. Албетте, азыр эки эмес, бир кепе тургуза албагандар көп. “Мелистин киреше булагы кайда?” деп турсаңыз, каражат “Ош базарында” момпосуйду дүңүнөн саткан бир контейнеринен, тигүү цехинен түшүп турат экен. “Мелис эмне эле ырчылыкта анда-санда көрүнөт?” дегендер анын мал сарайындагы 15 жылкысын, 40 топозун, 100гө чукул коюн көрүп, “малдан колу бошобой жүргөн тура” деген ойдо калат.
ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА
Мерседес 230 үлгүсүндөгү машинасын зуулдатып айдаган Гүлзат Байзакова кол өнөрчүлүк менен жакшы каражат таап келери белгилүү. Тактап айтканда, үкү топу тигип, Казакстанга чейин сатып бизнес кылат. Бир эле топунун баасы 7-8 миң сомду чапчыйт. “Заказдардын көптүгүнөн кээде жетише албай калып жатам”,- дейт ырчы эжекебиз. Андан сырткары айылдагы инисине үй салып берип, 80 кой, 7-8 жылкы, 25тей уй бактырып жатыптыр. Жолдошу экөө эки кабаттуу заңгыраган үйдө турушса, балдарына дагы бир үй салдырып, ичин оокатка толтуруп коюшкан.
КЕРИМ ТУРАПОВ
Керим мырзанын кынаптап салынган 2 кабаттуу килейген үйүн жана баласына деп курулуш иштери жарымдап калган экинчи тамын көргөндөр “ай, мунун бир бизнеси бар болуш керек” деп ойлошот. Азыркы заманда 2 кабат үйгө кеткен каражат (свети, кышында жылытуу) үчүн кошумча булак да керек эмеспи. Байкебиз эки дүкөндү ижарага алып иштетет. Дүкөндөрдүн да жайгашкан жери ары-бери өткөн элдин карааны үзүлбөгөн аялдамалардын жанында. “Короомдо чычкак улагым да жок, мал кармоого кызыкпайм” деген ырчы таланттуу балдарга мектеп ачууну пландап жатканын айтты.
ЫНАК ОСМОНАЛИЕВ
Ынак Осмоналиев казына капчыгынын бир бурчун “Дордойдогу” бут кийим саткан контейнери менен томпойтсо, калганын машина алып-сатуу жана үй сатып алып, аны оңдоп-түзөп кайра сатуу менен толтурат. “Негизи эле мен соода-сатыкка жөндөмдүүмүн”,- дейт өзү да. Батир демекчи, баштап алган чоң үйүн бүтүргөнгө убакыт жок, Туңгуч кичирайонунда, 2 бөлмөлүү батиринде жашайт. Тепкени да анча-мынча жүк салып алууга ылайыкташкан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү машина.
ДИНАРА АКУЛОВА
Динара эжекебиз жалгыз бой эки кызына тарбия берип, бирин туурга кондуруп, бирин таптап жаткан кези. Ошентсе да аракетчилдиги менен эл ичинде “ий, жакшы турат экен” деген сөзгө илинип келет. Айта кетсек, Бишкекте эле эки батири бар. Бири 4, экинчиси 2 бөлмөлүү. Андан сырткары чоң үй салууга жер тилкесин алып койгон. Ырчы айымдын “Динара” деген сулуулук салону бар экенин билчү элек. Азыр атын өзгөртүп, башка жакка көчүрүп салганын билдирди. Ал эми мал короосунда 4 саан ую, 2 жылкысы, 20дай майда жандыгы бар.
МАКСАТ БЕГАЛИЕВ
Атасынын жардамыбы, кайненесинин камырынанбы же жөн гана эпчилдигиненби, айтор, Максат Бегалиев да шоу-бизнестеги колунда бар ырчылардын катарында. Байлык тууралуу сөз кылганда эле алгач Лексус GX470 жана Лексус GX300 үлгүсүндөгү машиналарынан кеп баштады. Турак жай жагынан да Максат бала-чакасынын камын ойлоп койгонсуйт. Борбордогу кабат үйлөрдүн биринен жаңы типте салынган, оңдолуп-түзөлүп, жасалгаланган 2 жана 5 бөлмөлүү батирлерди алып коюптур. Ошондой эле мал короосу да куру эмес. Кулун, тайлары менен кошо 10 жылкы, 50дөн ашык кою бар.
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА
Бактыгүл “ушул 26 жашымда эмне кааласам баары бар” дейт. Байлыктары катары Бишкектеги үйүн жана жер тилкесин, 3 кабаттуу сулуулук салонун санап бере алды. Ошондой эле бул ырчы кыз дизайнерлик менен алек болуп, оймо-чиймелүү, кыргыз колоритиндеги кийим-кечектерди да чыгарып жүрөт. Мындан сырткары минген темир тулпары Мерседес S-class үлгүсүндө.
“СКРОМНЫЙ” СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ
Негизи, байлар байлыктарын даңазалоодон тартынышат окшойт. Эл оозуна алынып, “бай” деген атка конгон кээ бир ырчылар, мисалы, Сыймык Бейшекеев: “М-м... Менин байлыгым деле жок”,- дейт. Мактанууну жактырбаган бул мырза курулуш иштеринде бараандуу бизнесмен экенин билебиз. Мындан сырткары “Нурзада жеңебиз Кытайдан жалаң булгаары ташып, “Дордойдун” бир бурчун кармайт” деп жүргөндөр канча? Килейген үйдө жашаарын, Ош-Бишкек жолундагы “Каныкей” аттуу кафесинен түшкөн пайдасын санабай эле коёлу, кыскасы, байкебиз “мен бай” дегендердин сап башында турат.
“ЫРЫМ МЕНЕН БАЙМЫН...”
Гүлнур Сатылганованын байлыгын сурасак, “менин байлыгым – ырларым. 100дөй ырым бар” дейт. Анысы чын. Анткен менен Гүлнур эжекебизди кыргыз шоу дүйнөсүндөгү бай ырчылардын катарына кошобуз. Бул ырчынын кайрымдуулук иштерин көп жасаарынан да кабарыбыз бар. Минген машинасы, үстүндө үйү бар. Иши кылса ырчы айым уулу экөөнө жетерлик каражат топтоп койгонунан күмөн жок.
«Ырларым менен баймын» деген жоопту Бек Борбиев да айтты. «Машина, үй деген нерселерди байлык дебейм, ал жөн гана турмушка керек нерселер» деген ырчы кошумча акча таба турган булагы жок экенин билдирди.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg