СОТ ЗАЛЫНДА БОЛГОН ЧЫР

"1-август күнү Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева агасы Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деп айыпталып жаткан эки жигитти сот залына кирип бара жаткан жеринен 15 жигитке сабатты" деген маалымат тарады. Буга байланыштуу жабырлануучулардын жакындары маалымат жыйынын өткөрүштү. Кеп ошол тууралуу болмокчу.

Соттолуучулардын жакындары маалымат жыйын өткөрүүдө.

ЭСКЕ САЛСАК...
Эсиңиздерде болсо, 2009-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиев үйүнө кирип бараткан жеринен каракушка атылган октон каза болгон. Ал депутаттыктан сырткары Панкратион федерациясынын вице-президентинин милдетин аркалаган. Депутаттын өлүмүнө шектүү делинип Мурасбек Маташев, Алтынбек Итибаев жана Раатбек Сеитбековдор кармалышкан (Раатбек Сеитбеков ооруп, 2010-жылдын 8-июнунда ооруканада каза болгон).
ИИМдин версиясы боюнча, Мурасбек Маташев “Санжар Кадыралиевди өлтүрүүгө буйрутма берген” деп айыпталууда. Анткени каргашалуу күнгө чейин экөөнүн ортосун кара мышык аралап кеткен экен. Ал эми Алтынбек Итибаевге буйрутманы аткарган киллер катары айып тагылса, кылмышкерди салып кеткен автоунаанын ээси Раатбек Сеитбеков болуп чыккан. Андан бери соттук отурум 39 жолу болгон. Ал эми 40-отурумда жогорудагы чыр чыгып кетип, сот отуруму үзгүлтүккө учурады.

КИМ КИМДИ ЖАЗАЛАДЫ?
2011-жылдын 2-августунда соттолуучулардын жакындары маалымат жыйын өткөрүштү. Алардын айтымында, 1-август күнү 40-жолу сот отуруму өткөрүлмөк. Бирок сот башталарга жакын каза болгон депутат Санжар Кадыралиевдин карындашы депутат Ыргал Кадыралиева тууган-уругу жана он бештей спортчу жигиттер менен келген. Айыпкерлерди алып келе жаткан маалда Ыргал Кадыралиева менен чогуу келген жигиттер колдору кишенделип турган Алтынбек Итибаевди жана Мурасбек Маташевди сабап киришкен. Ал эми Ыргал Кадыралиева туфлисин чечип, соттолуучуларды туфлиси менен бир нече ирет урганын да айтып өтүштү. Натыйжада Мурасбек Маташевдин башы жарылып, милиция жана “Тез жардам” чакырылып, сот үзгүлтүккө учураган.
Мындан сырткары айыпкерлер тарап “Кадыралиевдер соттолуучулардын жактоочусун жана күбөлөрдү коркутушууда” деп айтып өтүштү. (Мисалы, Вадим аттуу күбөнү коркутушкан. Ал С.Кадыралиевди өлтүргөн маалда, 14-апрелде саат 16да Алтынбек Итибаев менен чогуу Транспорт министринин орун басарынын кабинетинде тендерде отурганына күбө болуп бермек экен). Соттолуучулардын туугандары КСДПнын штабына (Ыргал Кадыралиева КСДПдан депутат) кайрылышканын маалымдашты. Эки жарым жылдан бери сот иши улам жылдырылып, акыйкат чечим чыкпай жаткандыгын айтып, башкы прокурор Аида Саляновага кат жолдошконун да билдиришти.

КЫЛМЫШКЕРДИН ФОТОРОБОТУ ӨЗГӨРДҮБҮ?
Соттолуп жаткан Мурасбек Маташевдин агасы Назарбек Маташев мындай дейт:
– Бул кылмыш катталгандан кийин экс-министр М.Конгантиев­дин учурунда Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн адамдын фотороботу жарыяланган. Ал фотороботтогу адам узун бойлуу, мурду да узун, ак саргыл келген адам болчу. Ал эми Алтынбек кара торусунан келген жигит. Фотороботко эч окшоштугу жоктугу бизди таң калтырууда. Санжар Кадыралиевдин жан сакчысы Эрнис Мамазаиров аткан адамдын артынан чуркап, 3 метрдей эле жетпей калган экен. Демек, ал ок аткан адамдын өңүн так, даана билет. Эрнис Алтынбекти да өңүнөн таанычу, бирок “эмнеге өлтүрүү болгон соң 6 күндөн кийин гана көрсөтмө берген?” деген суроо туулат. Биздин оюбузча, Эрнисти “Алтынбек аткан, мен көргөнмүн” деп айтасың” деп коркутушкан. Ошондой эле Санжарды атып кетти дегендерди Тойота Виндом автоунаасы менен качып кетишкен деп издеп жатышкан эле. Кийин негедир ал автоунааны Ниссан Сефиро деп өзгөртүп коюшту. Бул жагы да таң каларлык.
Санжар Кадыралиев менен Алтынбек Итибаев жана Мурасбек Маташевдин жакын тааныштардан болгондугу чын. Чогуу бизнес да кылышкан. Кийин Санжар депутат болгондо “макул, сен саясатка бар, биз бизнес менен алектенели” деп урушпай-талашпай эле бөлүнүп кетишкен. Мурасбек менен Алтынбекти милиция кызматкерлери уруп-согуп мойнуна алдырып коюшкан.
Алтынбек менен Мурасбектин кылмыш болгон убакта башка жакта болгондугун далилдеп бере турган 8 күбө бар. Алардын төртөөсү суралды, төртөөсү сурала элек. Ошол убактагы Транспорт министринин орун басары, азыркы депутат Абдырахман Маматалиев да Алтынбек саат 16:20да кабинетинен чыккандыгы тууралуу көрсөтмө берген. Бул боюнча прокуратурага, депутаттарга кайрылдык, бирок жыйынтык чыкпай жатат.

"ТУФЛИ МЕНЕН САБАГАН ЭМЕСМИН"
Депутат Ыргал Кадыралиева эмгек өргүүсүндө болгондуктан, аны менен байланышууга мүмкүн болбоду. Бирок ал массалык маалымат каражаттарына “сотто ушундай окуя болду” дегендери куру жалаа экенин айткан.
“Соттолуучулардын жакындары мага каршы кара пиар уюштурушууда. Мен эч кимге кол салган эмесмин жана туфли менен да сабаган эмесмин. Ал күнү айыпталуучунун жактоочусу келбей калгандыктан, сот болбой калган. Мен деле сот иши эртерээк аяктап, чыныгы күнөөкөрлөр өз жазасын алышын каалайм”,- деп билдирди.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
zaichenok
2011-08-15 11:11:49
у каждого своя правда, но истина Одна! Я прекрасно понимаю чувство этой женщины. Она потеряла Брата! Лично я, не дай бог конечно, поступила бы так же. порву любого, кто сделает плохо моим родным!
0
operaledi
2011-08-15 14:41:17
Кеп акчада, акча, акча
0
stepboy
2011-08-16 18:42:21
санжар менин лучший братаным болгон эссиз жаш кетти айыпталуучулар оз жазаасын алат устудо кудай бар
0
№ 458, 12-18-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан