Корейлер катуу кетишти. Романтикалуу сериалдары менен кызыктырып, кыргыз кыздарын “бөктөрүп” кетип жатышат. Жашоодо жалаң гана романтика болсо кана?.. Кореяга турмушка чыгуунун оң жана терс жактарын изилдегенге аракет кылдык.
ЧЕТ ЭЛДИК КОЛУКТУ ҮЧҮН АКЧА ТӨЛӨНӨТ
Маалымат каражаттарында “түштүк кореялык мырзалар... Турмуш куруу максатында...” деген жарнамаларды ар бирибиз эле окусак керек. Учурда Кореяда интернационалдык үй-бүлөлөр көбөйүп жатат. Чет элдик колуктулар көбүнчө Кореянын чет жакта жайгашкан айылдарында кездешет. Корейлер менен турмуш куруу боюнча вьетнам кыздары биринчи орунду ээлейт. Экинчи орунда кытай улутундагы айымдар, үчүнчүдө япониялык айымдар, төртүнчү баскычта америкалыктар, бешинчиде таиланддык, ал эми алтынчы орунду өзбекстандык колуктулар ээлешет.
Корей мырзаларынын башка өлкөлүктөргө үйлөнүп жатканынын себеби корей кыздарынын саны аз. Экинчиден, алар айылдык жигиттерге турмушка чыгууну каалашпайт. Айылдык бойдок жигиттер көбөйгөндөн улам Түштүк Кореянын Кионгсанг провинциясында жергиликтүү бийлик жаңы мыйзам иштеп чыгууда. Мыйзамга ылайык, чет элдик колуктуга үйлөнгөн корей жигитине 6 миң доллар компенсация төлөнмөкчү. Андан сырткары чет элдик колуктуларга бекер тил үйрөтүү курстары иштейт. Алар го тукум улоо маселесин минтип чечип жатышыптыр. Ал эми бакыт издеген кыргыз кыздарынын жашоосу кандай? Бул тууралуу биздин каармандар айтып беришсин.
“КОРЕЙЛЕР КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН АЛЫП КЕЛҮҮМДҮ СУРАШКАН”
Биз Канатты интернеттеги социалдык тармактардын биринен таптык. Ал эки жылдан бери Сеул шаарына жакын жайгашкан Осан шаарчасында иштейт. Өзү дагы телефон аркылуу байланышка чыгып, көптөн берки жүрөк өйүгөн маселелерин айтып берди.
– Канат, Кореядагы кыргыз кыздарынын тагдырын айтып берсең?..
– Эже, карындаштарым Кореяны укмуш элестетишет. Бирок бул жакка чыдаган адам чыдап жашап кетет. Кореяга келгениме эки жарым жылдын жүзү болду. Элиме-жериме болгон сагынычтан башка олуттуу көйгөй – кыргыз кыздарынын тагдыры.
– Алар кандай, тагдыры ушунчалык эле аянычтуубу?
– Кыздар жакшы жашоо үчүн келип жатышат да. Бирок көпчүлүк учурда алар кыял гана болуп кала берет. Биздин 18-19 жаштардагы кыздарды 36-50 жаштагы корейлер аялдыкка алып жатышпайбы. Алардын да көпчүлүгү карапайым турмушта жашагандар. Мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен күн көргөндөр. Эми алган аялы деле ошол турмушта жашайт да.
Кыргыз кыздары бир көрбөй туруп, интернет аркылуу байланышып келип алат да, 1 ай жашагандан кийин бармагын тиштеп өкүнүп калышат. Бул жакка келген кыздарды эшектей иштетет, “акча керек болсо, өзүң таап ал” деп коёт.
– Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн кандай кылуу керек деп ойлойсуң?
– Мунун баарына тең өзүбүз күнөөлүүбүз. Сериалдарды көрүп алып эле корей жигиттерин ак боз атчан ханзаадага окшоштуруп жатышат. Колдон келсе никелешүү агенттиктерин жабуу керек. Ал агенттиктер баарын гүлдүү түстө гана сүрөттөшөт. Ал жакта бир тараптын жеке гана кызыкчылыгы камтылган.
– Дагы кандай маселелер бар?
– Адатта корейлер кеч үйлөнүшөт. Андай мырзалардын аялга болгон кызыгуусу тарап, жыныстык жактан алсыз болуп калышат. Ар кайсы заводдордо күнү-түнү иштеп жүрүп күнү өтөт. Никени кармап кала турган бала да. Балалуу боло албай ажырашкандар андан көп. Мени менен чогуу иштеген 50 жаштагы үйлөнө элек адамдар “кыргыз кыздарын алып келип берсең, көп нерсеге жардам беребиз” дешкен. Бирок мен антип акча тапканды каалабадым.
“БАКТЫЛУУ БОЛОРУМА ИШЕНЕМ”
Экинчи маектешим эми эле нике шакегин кийип, колукту атала турган Айжамал болду. Ал да корей жигитке турмушка чыгып, жакында мекени менен кош айтышканы турат.
– Мен аптанын этегинде Сеулга учканга даярдык көрүп жаткан кезим. Албетте, ар кандай карама-каршылыктар чыкты. “Кыргыз калбай калыптырбы?” деген сөздөр да көп айтылды. Жолдошум Му Хён менен баш калаабыздагы тааныштыруу агенттиктеринин биринен интернет аркылуу таанышкам. Эки айдай интернет аркылуу баарлашып, сүйлөшүп жүрдүк. Анан Му Хён баш кошууну сунуштады. Ал 36 жашта. Май айларында үйлөндүк. Ал Кыргызстанга Сеулдан учуп келип, тууган-туушкандарга чакан үлпөт той өткөрдүк. Үч күн шаарда бирге болуп, мейманканада жашадык. Ата-энеме биздин салт менен бир жарым миң доллар калың төлөдү.
Анан кайра Сеулга учуп кетти. Эми мен артынан кеткени турам. Үч айдан бери корей тилин үйрөнүү менен алектенип жүрдүм. Баары эле “сени кулчулукка алып кетип жатат” дешет, бирок ал жакка баргандардын баары эле кул болуп кеткен жок да. Бактылуу жашап жаткан кыргыз кыздар деле бар. Мисалы, менин бир тааныш кызым Кореяда 1 жылдан бери жашайт. Күйөөсү корей, эч нерседен кем кылбайт. “Кыйналып жатам” дегенин уга элекмин. Му Хён 36 жашта болгону менен, аябай жаш көрүнөт. Билбейм, бири-бирибиздин тилибизди такыр билбесек да, түшүнүшүп жаттык. “Кореяда эч кандай никеге турбаган” деген кагаздын негизинде бул жакта ЗАГСка турдук. Жолдошум ата-энем, туугандарыма деле жакты. Тил үйрөнүп, азыр чала-була сүйлөшүп да калдык. Телефон чалып, интернеттен жазышып турабыз. Эми ар кандай окуяларды угуп, коркуп деле жатам. Бирок бактылуу болом деген үмүтүм зор.
“ЖОМОКТУ ЭЛЕСТЕТКЕМ...”
Кезектеги каарманыбыздын жолу болбоптур. Жомокту элестетип барган Айперинин айтымында, ал күткөн жомокту шаар чекесинде жайгашкан кичинекей кепе менен жалаң гана улгайгандардын айылы бузуптур.
– Кореяга турмушка чыкканыма бир жылдын жүзү болгон жок. Мен бул жакка шашылып келип алган экем. Бардык кыздардай эле никелешүү агенттиги аркылуу келгем. Күйөөм сүрөтүмдү көрүп эле “сүйүп калдым” деген. Мен “көнүп кетем, эл көрөм, жер көрөм” деп ата-энемдин каршылыгына карабастан келгем. Таң калганым, мен барган жерде жаштардын дээрлик жоктугу. Айылдын чекесинде, кичинекей үйдө жашап калдык. Күйөөм ар кайсы жерде жакшы иш чыкса кыдырып иштей берет. Үйдө жалгыз отурам, эртең менен кетет, кечинде келет. Мага ушунчалык оор болду. Анын үстүнө бул жактын маданияты такыр башка. Мисалы, улуу адамдардын көзүнчө күлгөнгө же катуу сүйлөгөнгө болбойт. Көздөрүнө тике караганга болбойт, корейлер муну моралдык же психологиялык жактан басым жасап жатат дегендей кабыл алышат. Сейилдөөчү жайларга да жалгыз чыгууга болбойт. Бул бир эле жагы, дагы көп нерсе бар, бирок анын баарын айтып отурсам, буларды жамандагандай болуп калат. Акыры жашай албай койдум. Ажырашып, мекениме келе бердим.
ШАШКАН ШАЙТАНДЫН ИШИ
Албетте, ар бир жаран чет мамлекетке кетүүгө, өзү тандаган адам менен турмуш курууга укуктуу. Бирок ар кандай жагдайлар бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Жеке менчик фирма менен чет жакка чыгууну көздөп жатсаңыз, ал фирманын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн, ишке тартуу, үй-бүлө курууга жардам берүүгө укугу бар же жок экендигин тактоо керек. Эгерде ишке орношуу максатында болсо, ал фирма менен эки жактуу эмгек келишимин түзүү зарыл. Бул сиздин коопсуздугуңуз үчүн өтө керек. Ал эми турмушка чыгып жатсаңыз, аталган жагдайларды алдын ала кылдаттык менен текшериңиз. Эгерде мүмкүн болсо, турмушка чыгуу келишимин түзүүгө аракеттениңиз. Себеби мындай шартта сиз өз укугуңузду коргой аласыз. Эгерде тил билбесеңиз, котормочу жалдаңыз. Мындан соң гана кол коюуга болот. Бул келишимдердин көчүрмөлөрүн жакын туугандарыңызга таштоону унутпаңыз.
Юристтин кеўеши:
Назаркул Бопоев:
1) Кыргыздын кыздарына чет мамлекеттик жарандарына турмушка чыгардан мурун болочок кїйєєлєрїн кылдаттык менен изилдеп чыгуулары абзел. Ал їчїн анын документтерин корей тилинен орусча, кыргызча которуш керек, Кореянын кайсы жеринде жашаганын, иштеген иши, їй бїлєлїк жагдайы, менчиги жана башка шарттарын билиш керек. Интернет аркылуу таанышып жатса- жогору кєрсєтїлгєн маалыматтарды сураш керек.
2) Турмушка чыгуудан алдын ала сєзсїз тїрдє келишимин тїзїлїї керек. Келишимде болочок кїйєєнїн милдеттери, колуктунун талаптары толук жазылганы оў. Эгерде кийин кыйчалыш иш башына тїшсє бул келишимдин негизинде сотко кайрылууга мїмкїнчїлїк болот.
3) Эгерде турмушка никелешїї агенттиги аркылуу таанышкан болсоўуз, агенттиктин Юстиция Министрлигинде катталгандыгын билїї абзел. Агенттик менен турмушка чыккан жаткан кыздын ортосунда келишим тїзїлїшї керек. Эгерде кыз алданууга туш келсе, ал агенттикти сотко берїїгє мїмкїнчїлїгї болот.
Чет жакта кордоого, же алданууга туш болгон кыздар Кореядагы кыргыз элчилигине кайрылганы туура.
Корей Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги: Сеул шаары, Pyonchang-dong-Jongro-gu кєчєсї № 571-32 #422
код:00-82-2, тел: 379-09-51, факс: 379-09-53
e-mail: kgconsulate@mail.ru
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg