Дүйнөдөгү эң бай спортчулар – футболчу же мушкерлер эмес, гольф оюнчулары. Бул оюн Шотландияда XIV кылымда койчулар арасында пайда болгон. Алар таягы (посох – азыркы клюшкалар) менен майда таштарды же коёндун кумалактарын чаап ойношкон.
ТОП
Азыр оюнда, негизинен, салмагы 45,93 грамм, диаметри 42,67 миллиметр өлчөмдөгү топ колдонулат. Алгач топтор жыгачтан жасалган, кийинчерээк каучук, азыр резинадан жасалат.
КЛЮШКА
Ал алюминийден, углепластиктен жасалат. Жалпы жонунан клюшканын 14төй түрү колдонулат. Эң көп колдонулган түрү вуд, паттер жана айрон. Эң кымбат клюшканы «Barth & Sons» деген немис компаниясы алтын жана бриллианттан жасаган. Баасы 150 миң доллар.
КАР
Оюн талаасы абдан чоң болгондуктан, оюнчулар аянтта атайын машина-карлар менен жүрүшөт. Баасы ар түрдүү. Эң кымбаты учурда Garia Edition Soleil de Minuit гольф карынын баасы 52 миң доллар. Даниялык дизайнерлер иштеп чыккан люкс классындагы бул машина-кар Финляндиянын заводдорунда жасалат.
ФАРВЕЙ
Оюн талаасы фарвей деп аталат. Оюн башталган старттык чекти “ти” дешет. Кийинки чөп кыска өстүрүлгөн чек “грин”, ал эми чөп узун өстүрүлгөн чеги “раф” деп аталат. Грин менен рафтын ортосундагы чек – фарвей. Топ лункага оңой түшпөй, оюн кызыктуу болушу үчүн топко кумдуу тоскоолдуктарды (бункерлерди), суу тоскоолдугун (“water hazards”) жасашат.
ЛУНКА
Чапкан топ атайын жасалган оюкка барып түшүшү керек. Ал оюк лунка деп аталып, диаметри 108 миллиметр болуп, жалпы аянтка 18 лунка жасалышы кажет.
ГОЛЬФ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
ГОЛЬФ КЫРГЫЗСТАНДА
Гольф Кыргызстанда жаңы спорт түрү десек болот. Гольф федерациясы 2008-жылы түзүлгөн. Учурда Бишкек шаарына жакын жайгашкан Кара-Жыгач айылында Кыргызстан боюнча жападан жалгыз гольф аянтчасы бар. Анын ээси канадалык ишкер Эдвард Майлс. Аянты 25 гектарды түзөт. Дайыма ойноо үчүн мүчөлүк акынын баасы бир жылга 2000 доллар. Эки саатка 1000 сом төлөп ойноого болот. Аянттагы чөптүн уругун Америкадан алып келип өстүрүшөт. Чөптү күндө сугарып, тегиздеп туруу керек.
Оюнга керектүү жабдыктар гольф клубунда сатылат. Алар көбүнчө колдонулгандар, жаңыларын чет өлкөлөрдөн заказ менен алдырышат.
Эрлан Нурманбетов
sport@super.kg