(Бишкек шаарынын убактысы менен)
26сынан 27-августка караган түнү – Кадыр түн
31-август – Орозо айт 7-ноябрь – Курман айт
ДИН БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ!
Гезитибиздин №456-санында жарыяланган Орозонун календарына Кыргызстандын Дин башкармалыгы "Ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысы Таласта Бишкектен 8 мүнөт эрте эмес, кийин болот" деп түзөтүү киргизет.
ОРОЗО КАРМАДЫҢЫЗБЫ?
Чынара Капарова,
диктор:
– Ден соолугума байланыштуу быйыл кармай алган жокмун. Буга чейин эки жолу жакшы эле кармап баштап, ашказаным ооруганынан бир жумадан кийин оозумду ачканга туура келген.
Тата Улан,
этноакын:
– Менин орозо кармап келатканыма 4-5 жыл болуп калды. Жаңыдан кармап жүргөн кезде унутуп калып, тамак жеп алган учурлар көп эле болгон. Азыр көнүп калдым. Орозо учурунда адам абдан жеңилдеп калат.
Мирбек Иманбеков,
ырчы:
– Ооба, быйыл экинчи жолу кармап жатам. Студент кезде да бир жолу кармагам. Ал кезде Рамазан айынан тышкары деле көбүнчө орозодо жүрчүбүз да. Азыр келинчегим менин сообумду алып, тамак даярдап берип жатат.
Тынай Алыбаев,
ырчы:
– Бир да жолу орозо кармап көрө элекмин. Менимче, андай нерсеге быша элек болсом керек. Бирок орозо кармагандарга көз карашым түз.
Жанара Атабекова,
ди-джей:
– Буга чейин жыл сайын эле кармап келгем. Бирок быйыл наристелүү болуп, аны эмизгениме байланыштуу орозону кармай албай калдым.
Булардан тышкары орозо кармагандардын катарында Ильяз Абдыразаков, Борончу Кудайбергенов, Бекчоро да бар.