5-каналдын диктору Каныбек Асанкары уулу 27 жаш курагында бойдокчулук менен кош айтышып, Кочкордун Жаңы-Жол айылынан Бегимай аттуу кызга үйлөндү. Июль айынын 29да Каныбек кыргыздын салты менен ата-энеси жана тууган-уругу менен биргеликте кыздын калыңын төлөп алып келишкен.
Учурда диктордун келинчеги келиндик кызматын кылып чуркап жүргөн кези. Бир аз убакыттан кийин экөө өзүнчө түтүн булатып, ата-энесинен бөлүнүшөт. Бегимай 20 жашта, БГУнун 4-курсунун студенти.