Айнура Салахидинова Сокулук тарапка тойго барганда белгисиз адамдар машинасынын терезесин сындырып кийим-кечектерин, жакшы көргөн комузун, акча-буюмдарын уурдап кетишиптир.
"Кийимдеримди уурдаттым деп кантип арызданам?" деген ырчы кыз бул окуя тууралуу милиция кызматкерлерине кайрылган эмес. "Башкасына мейли, жакшы көргөн комузумду кайтарып берсе жакшы болот эле" деп үмүт кылып жүргөн кези.