Өзгөчө болууга аракет кылып, үч катар каш чийип алуудан да тартынбаган Каныкей быйыл Улуттук консерваториянын студенти болду. Эми фольклор бөлүмүндө билим алмакчы. Эске салсак, ырчы кыз Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүн быйыл бүтүргөн. Учурда ал Москвага концерт койгону камданууда. Гастролдон келген соң консерваториянын босогосун аттайт.