Ырчы Омар Ысык-Көл өрөөнүн кыдырып концерт берип жүргөн кези.
Айжан Газиева күнгө кактанып көл жээгинде эс алууда.
Добр “Кел, бийле” деген ырына жаңы клип тарттырам деп бийчилер менен тер агыза бийлеп, чарчап жүргөн убагы.
Жаңы чыгып келе жаткан ырчы Арстан Абдылдаев Улуттук консерваториянын эстрада факультетинин студенти болду.
Түштүктү түрө кыдырып концерт берүүдөн тажабаган Гүлжигит Сатибеков Баткенде гастролдо.
Чыңгыз Мырзаев менен Рустам Сагыналиев “Жашагым келет” деген ыр жаздырып, ага клип тарттырышууда.
Жубайы кош бойлуу болгондуктан, Эрлан Андашев чыгармачылыктан убактылуу алыстап, келинчегинин кашында отурат.
НазираАйтбекова түрктөрдүн идиш жуучу суюк самынын мактап жарнамага тартылыптыр. Аталган жарнама КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн телеканалдарынан көрсөтүлөрүн айтты.
Кенже Дүйшеева өзү түзгөн “Жебе” тобуна жаңы ырларды жаздырып чуркап жүргөн кези.
Алихан аскер кызматын өтөп келди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Asus84
2011-08-15 10:03:39
Назираны башка эч ким рекламага тартпай койсо анан айла жок конуп калган туркторго барат да :)
0
zamir_kgz
2011-08-18 20:42:01
Жонокой калк эмне менен алек ошону жазышса болмок!Жонокой калк эмне менен алек ошону жазышса болмок!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.