Актёр Рассел Кроу режиссёр Аллен Хьюздун “Талкаланган шаар” (“Broken City”) фильминде роль ойнойт. Кроу аялынан күмөн санап, анын артынан жеке детектив жалдап аңдыткан бир шаардын мэринин образын жаратмакчы. Тасманын бюджетине 60 миллион доллар жумшалып, тартуу иштери 2011-жылдын ноябрь айында башталат.