Атактуу Мэрилин Монро тартылган 7 мүнөттүк эротикалык видео Буэнос-Айрес шаарында аукциондон өтпөй калды. Коллекциячы Микель Барса фильмдин аукциондогу алгачкы баасы 2 миллион песо (480 миң доллар) болгонун айтат, бирок бул видеону баштапкы баасына да албай коюшкан. Эксперттер «кадрдагы жыныстык катнашты көрсөткөн актриса Мэрилин Монро эмес» деп күмөн санашкан. Алардын бул билдирүүлөрү көпчүлүк коллекциячылардын оюна таасир берди көрүнөт.