Айтылуу “Гарри Поттер” тасмасынан жылдызы жанган жаш актриса Эмма Уотсон “Жалгыздыктын пайдалуу жактары” фильминде чогуу тартылган Жонни Симонс менен ысык мамиледе экен. Сыр билдирбеген эки жашты папараццичилер көпкө чейин аңдып жүрүп, эч кандай илинчек таба албай кыйналышкан эле. Мамилелерин жашырган экөө акыры Санта-Моникада сейилдеп жүргөн жеринен кылтакка илинишиптир.