ТАСМАНЫН КӨРКҮН АЧКАН САУНДТРЕКТЕР

Кайсы тасма болбосун, сөзсүз аны коштогон, фильмдин маанисине төп келген музыкасы, ыры болот эмеспи. Сиз сүйүп уккан саундтректер тууралуу маалымат ушул макалада.

“АР ДАЙЫМ СЕНИ СҮЙӨ БЕРЕМ”
(“I Will Always Love You”)

Кайсы тасмадан“Жан сакчы”
Жанры – Поп, баллада
Автору – Долли Партон
Аткаруучу – Уитни Хьюстон
Узактыгы – 4 мүнөт 32 секунд
Чыккан жылы – 1992

Чыгарманын автору – америкалык ырчы Долли Партон. Долли чыгарманы алгач 1974-жылы аткарып чыккан.
Партон аталган ырды сахнадагы өнөктөшү Портер Вагонер менен кол үзгөндөн соң жазган. Кызыгы, экөөнүн ортосунда эч кандай мамиле болгон эмес. Демек, Партон ырды жоопсуз сүйүүсүнө арнаган.
1992-жылы Уитни Хьюстон “Жан сакчы” тасмасында роль жаратып, Партондун ырын кайрадан ырдап чыгуу сунушун тасмадагы өнөктөшү Кевин Костнерден алат. Уитнинин аткаруусундагы ыр жарыкка чыккан соң анын ити чөп жеп, карьерасын ийгилик коштойт. Сүйүүнүн гимнине айланган бул дүйнөлүк хиттин дисктери АКШда эле 43 миллион нуска менен сатыкка чыгат. Хьюстон ырдын арты менен “Грэмми” сыйлыгынын “Мыкты даярдалган ыр”, “Мыкты вокал”, “Жылдын ыр жыйнагы” наамдарынын жеңүүчүсү болгон. Ал эми ырдын автору Долли Партон Уитнинин аткаруусундагы чыгармасынан 6 миллион доллар алган. Учурунда Элвис Пресли да аталган ырды ырдап чыгуу тууралуу автордон уруксат алып, “ырга болгон укукту да сатып алам” дегенде, Долли макул болбой койгон.

“МЕНИН ЖҮРӨГҮМ СОГО БЕРМЕКЧИ”
(“My Heart Will Go On”)

Кайсы тасмадан – “Титаник”
Жанры – Поп, баллада
Авторлору – Уилл Женингс, Жеймс Хорнер
Аткаруучу – Селин Дион
Узактыгы – 4 мүнөт 40 секунд
Чыккан жылы – 1997

Канадалык ырчы Селин Дион ырдын жаралуу тарыхы тууралуу: “1997-жылы Лас-Вегаста композитор Жеймс Хорнер менин күйөөм Ренеге “бир тасмага обон жазып, Селинге ырдап берүү сунушун киргизейин деп жаткам” дейт. Күйөөм мени көндүрүп, биз Хорнер жашаган мейманканага бардык. Бирок ыр мага өзүм ырдасам да, ал ырдаса да жакпай койду. Ошондо жолдошума “мага жакпай жатат, жүрү, кете береличи” дегендей түр көрсөтүп ымдап кирдим. Рене менин нааразы болуп турганымды көрмөксөнгө салып койгон. Көрсө, анын сезгичтиги ырдын хит болорунан ошондо эле кабар берсе керек”,- дейт.
1997-жылы “Мыкты ыр” наамы боюнча “Оскар” сыйлыгына татыктуу болгон. 1998-жылы “Алтын глобус” менен сыйланса, 1999-жылы “Мыкты даярдалган ыр”, “Жылдын ыры”, “Мыкты айым аткаруучу” жана “Тасмага жазылган мыкты ыр” наамдары боюнча “Грэмми” сыйлыгына ээ болуп, ырчынын колуна статуэткалар батпай калган. Селин Диондун атагын ашырган бул композиция анын чыгармачылыгындагы эң популярдуу хит ыры болуп эсептелет.

“МЕН СЕНИ КӨРҮП ТУРАМ”
(“I See You”)

Кайсы тасмадан – “Аватар”
Жанры – Поп, баллада
Авторлору – Жеймс Хорнер, Саймон Фрэнглен, Кук Хэррел
Аткаруучу – Леона Льюис
Узактыгы – 4 мүнөт 20 секунд
Чыккан жылы – 2009

“I See You” ырын жүрөккө жеткире ырдаган британиялык ырчы Леона Льюиске аталган ырды Жеймс Хорнер сунуштаган. Леона өз сөзүндө: “Башка планеталыктардын баары На'видей (тасмадагы баш каарман) болушу керек деп ойлойм. На'ви мага аябай жагат. Анткени мен сүйгөн кооз жаратылышка ал да камкор мамиле жасайт. Бул ырды күчтүү тембр менен аткаруу керек эле. Мен На'ви менен эмоционалдык байланыш таап, чыгарманы жеткиликтүү аткара алдым деп ойлойм”,- дейт.
Жеймс Кэмерон 11 жыл мурунку “My Heart Will Go On” ырынын ийгиликтерин эске алып, ырды саундтрек эмес, кадимки ыр катары чыгаргысы келген. Бирок ал убакта Леонанын жаңы ыр жыйнагы жарык көрүп, ырды жыйнакка киргизүүгө жетишпей калган эле.
“I See You” “Мыкты ыр” наамы боюнча 2010-жылы “Алтын глобус” жана 2011-жылы “Грэмми” сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Медалдын эки тарабы бар сыяктуу эле, аталган чыгарманы сынга алгандар да болбой койгон эмес. Айрым кино сынчылар ырды “азык-түлүк саткан дүкөндүн балладасы” дешсе, кээ бирөөлөр “Селин Диондун ийгиликсиз клону” деп катуу сын тагышкан.

“АЛЛИЛУЙЯ”
(“Jai Ho”)

Кайсы тасмадан – “Жарды аймактан чыккан миллионер”
Жанры – Поп
Автору – Алла Ракха Рахман, Гулзар
Аткаруучу – Алла Ракха Рахман
Узактыгы – 5 мүнөт 49 секунд
Чыккан жылы – 2008

“Жарды аймактан чыккан миллионер” аттуу тасма эсиңизде болсо керек. Ошол кинонун саундтрегин жазган композитор Алла Ракха Рахман “Jai Ho” деген музыкалык чыгармасы үчүн “Оскар” сыйлыгын алган. Сыйлык композитордун ийгиликтеринин эң ирилеринин бири. А.Р.Рахмандын Николь Шерзингер менен аткарган дуэти элге кеңири тараган. Автордун чыныгы аты – Дилип Кумар. Бирок анын үй-бүлөсү ислам динин кабыл алганына байланыштуу 22 жашында жаңы ысым алган. Ал Индиядагы атактуу композитор.
Алгач 1992-жылы “Роза” аттуу фильмге музыка жазып, Индиянын улуттук кино сыйлыгына татыган. Ушул эле саундтрек “Time” журналынын версиясы боюнча мезгилдин эң мыкты 100 саундтрегинин катарына кошулган.

“БАЛКИМ, БУЛ СҮЙҮҮДҮР”
(“It Must Have Been Love”)

Кайсы тасмадан – “Татына кыз”
Жанры – Поп, баллада
Автору – Пер Гессле
Аткаруучу – “Roxette” тобу
Узактыгы – 4 мүнөт 18 секунд
Чыккан жылы – 1987

“It Must Have Been Love” аттуу ырды укканда эле көз алдыбызга “Татына кыз” тасмасынын баш каармандары Ричард Гир менен Жулия Робертс тартылса керек. Чыгарма АКШнын радиоберүүлөрүндө 4 миллион жолу жаңырып, 500 000 нуска менен сатылган. Композиция алгач “Рождестводогу жараланган жүрөк” (“Christmas for the Broken Hearted”) деп аталган. Аталган ырдын мазмуну ызгаардуу кыш айында ажырашкан түгөйлөр жөнүндө болгону менен, 1990-жылдын жай айларында бүткүл Европадагы хит-параддарда бир да чыгарманы алдына салган эмес. АКШда, Швецияда, Жаңы Зеландияда, Улуу Британияда, Австрияда “Алтын сертификат” статусун алган.

Лунара Бекиева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
880909
2011-08-15 14:38:47
Kgдагы саундтректер тууралуу деле жазбайсынарбы
0
info
2011-08-15 14:39:43
880909, келерки сандарда жазылат.
0
Karamel
2011-08-15 16:00:39
мага Пираты Карибского морянын саундртеги жагат.
0
MEN AND SEN
2011-08-18 10:10:27
Karamel мага да ошол музыка жагат, шандуу го.
0
Таллас
2011-08-19 00:51:01
Эр жүрөктөгү саундтрек.. Мен ушуну окуймбу дедим эле..
0
moon.alty6a
2011-08-22 02:33:08
Достор киносунда С. Садыралиев аткарган ырды таба албай аттым эле, мумкун болсо инфого жаздырып коюунарды отуном
0
info
2011-08-22 09:20:10
moon.alty6a, сиз бул ырды сурап жатсаңыз керек http://www.super.kg/media/?type=video&id=49991. Көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу кириңиз.
0
№ 458, 12-18-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан