КАНТ КАМЫШЫ

Кант бир кездерде адам үчүн кымбат, экзотикалык, кошумча даам берүүчү азык болуп саналса, бүгүнкү күндө ал массалык түрдө колдонулуучу азыкка айланган. Ал эң биринчи жолу кант камышынан алынган.

ПАЙДА БОЛУУ ТАРЫХЫНАН
Кант камышы – кант кызылчасы сыяктуу эле адам баласы кант алган өсүмдүк түрү. Анын мекени катары Индиянын Батыш Бенгалия, Бихар аймактары жана Кытай эсептелинет. Бул өлкөлөрдө кант камышын биздин заманга чейин эле өстүрүп, андан кант алып келишкени маалым. Александр Македонский биздин заманга чейинки 327-жылы Индияга келгенде анын жоокерлери кант менен алгач ирет таанышып, аарыларсыз эле бал чогултуу мүмкүн экендигин үйрөнүшкөн.
Акырындык менен кант камышы азыркы Иранга жана Египетке алпарылып, кийинчерээк Испанияга чейин жеткен. Анан Африкага тараган. Христофор Колумб Американын Санта-Домингосуна болгон саякатында кант камышын биринчи жолу жаңы континентке алпарган. 1493-жылы ал жерден Кубага алынып келинген. Ал эми Латын Америкада кант камышынын таралышы испандыктардын колониялык саясаты жана кул ээлөөчүлүктүн өнүгүшү менен тыгыз байланышкан.

КАНТ КАМЫШЫ ЖӨНҮНДӨ
Бул өсүмдүк, негизинен, ар кандай климаттык шартта өсө берет. Бирок жакшы өсүш үчүн тең салмактагы ысык аба ырайы жана жогорку нымдуулук талап кылынат.Тагыраак айтканда, тропикалык жана субтропикалык климат эң ыңгайлуу. Деңиз деңгээлинен 500-700 метр бийиктикте жана +25 +30 градустагы температурада жакшы өсөт. Айдалгандан кийин 6-8 ай токтобостон өсөт. Андан кийин кургактык болушу абзел. Себеби дал ошол мезгилде камышта кант топтолот. Анын дагы бир өзгөчөлүгү – бир айдалганы көп жыл бою өсө бергенинде. Бирок бул жердин топурагына терс таасирин тийгизет. Аны башка айдоо жерине которуп туруу керек.
Бүгүнкү күндө кант камышынын миңге жакын түрү бар. Ал эми асыл, барбера, жапайы, кытай жана полинезиялык түрлөрүн эң негизгилери десек болот. Бул өсүмдүк учурда Индия, Кытай, Австралия, Куба жана башка көптөгөн өлкөлөрдө өстүрүлөт. Гавайиде 1 чарчы метрден 20 килограммга чейин түшүм алышат. СССР учурунда Тажикстандын Вахш дарыясынын жээктерине жана Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда кант камышы өстүрүлгөн.
Февраль, март айларында анын калемчелерин отургузуп, октябрь айында жыйнашкан. Түшүм 8-10 пайыздык кант берген. Орто Азияда кант камышы бир жылдык болуп өстүрүлөт. Анткени бул аймактын климаттык шарты суук болгондуктан, кант камышы гүлдөбөйт жана урук бербейт.
Дүйнөдө шекердин 65 пайызы кант камышынан, калган 35 пайызы кант кызылчасынан алынат. Кант камышы, негизинен, тропикалык зонада өстүрүлсө, кант кызылчасы климаты суугураак аймакта өстүрүлөт. Химиялык курамы боюнча эки өсүмдүктүн бири-биринен чоң деле айырмасы жок. Болгону, кант камышында шекер 10-14 пайыз болсо, кант кызылчасында 16-18 пайыз болот.

КАНТ КАМЫШЫ НЕФТИНИ АЛМАШТЫРАТ
Дүйнөдө жыл сайын 80 миллион полиэтилен өндүрүлөт. Ал химиялык материалдардын көбү нефтиден жасалат. Бирок бул сырьёго болгон баалардын артышы, андан жасалган буюмдардын баасынын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Ушундан улам бразилиялык “Dow Chemical” компаниясы кант камышынан полиэтилен өндүрүүчү завод ачууну пландоодо. Алардын билдирүүсү боюнча, жаңы технологиянын негизинде чыгарылган пластик, нефтиден жасалчу желим буюмдарынын баасы менен тең тайлаша алат. Кант камышынан алынган этанол бул заводдон этиленге айландырылып, полимер жасалат. Эгер завод курулса, ал өсүмдүктөн полимер жасалчу дүйнөдөгү эң чоң объект болуп калат.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 458, 12-18-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан